Мугалимдер мектептерде кыргыз тилин окутуунун жаңы методикалары менен таанышты

Бүгүн 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Мектептерде мамлекеттик тилди окутуу: тажрыйбалар жана табылгалар” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференциясын өткөрдү. Бул тууралуу улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Отображается файл "DSC_3629.JPG"

Иш-чараны ачып жатып төрага Н.Ишекеев: “Мамлекеттик тилди билүү Кыргызстандын ар бир жаранынын парзы жана ыйык милдети. Коомдук турмушта мамлекеттик тилди билүү зарылдыгын түзүү аркылуу аны толук жана кеңири колдонууга жетишүү, жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу мамлекеттик тилди окутуу методикасын өркүндөтүү менен Кыргызстандын көп тилдүү жаңы муунун тарбиялоо сыяктуу маселелер күн тартибинде турат” –деп билдирди.

К.Карасаев атындагы БГУда өткөрүлгөн иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы А.Кулматов, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Исаев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Г.Ибрагимова, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору, профессор А.Мусаев катышып, конференциянын катышуучуларына ийгилик каалады.

Отображается файл "DSC_3643.JPG"

КР Президентинин Аппаратынын өкүлү А.Кулматов учурдагы тил көйгөйлөрүнө токтолуп жана аны чечүү жолдору тууралуу оюн айтып, ушул өңүттөгү конференцияларды аймактарда дагы өткөрүү сунушун берди.

Профессорлор К.Биялиев, Ж.Чыманов, “Universum” борборунун жетекчиси А.Молдогазиева, “Кыргызтест” башкармалыгынын башчысы Б.Топоева-Ставинская баалуу маалыматтарды камтыган баяндама жасашты. Конференцияга катышкан Бишкек шаарыны мектептеринин мугалимдери иш-чаранын экинчи бөлүгүндө “Манас” КТУнун окутуучусу А.Мамадиевдин “Мамлекеттик тилди угуп түшүнүү көндүмү аркылуу окутуу, “Тил клаб” окутуу борборунун директору Г.Дүйшееванын “Кыргыз тилин окутуудагы жаңы ыкмалар”, педагогика илимдеринин доктору Т.Асанакуновдун “Мамлекеттик тилди окутуунун максаттары жана көрсөткүчтөрү”, Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинин директорунун илимий-усулдук иштер боюнча орун басары А.Оморованын “Көп тилдүү билим берүүнүн алкагында мамлекеттик тилди коммуникативдик негизде окутуунун мааниси”, Социалдык интеграциялоо борборунун эксперти, Көп тилдүү билим берүү багытынын координатору Н.Жусупбекованын “5-6-класстардын окуу китептеринин материалдарында мамлекеттик тилди окутуунун коммуникативдик негизде ишке ашыруу”, Бишкек шаарындагы №13 мектеп-лицейинин мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Р.Буйлякееванын “Орус мектептеринде мамлекеттик тилди окутуудагы маселелер”, педагогика илимдеринин доктору, доцент А.Акунованын “Кыргыз тилин мультимедиялык каражаттар аркылуу окутуу”, Т.Абылкасымованын “Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин жана орфографиясын окутуу” темасындагы кызыктуу жана жандуу даярдалган практикалык иштерине күбө болушту.

Отображается файл "DSC_3668.JPG"

Иш чаранын алкагында КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти М.Айдаркуловго Кыргыз Республикасынын Президентине караштууМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси жана БГУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты Г.Садырбаевага Ардак грамота тапшырылды.

Конференциянын соңунда катышуучулардын сунуш-пикирин эске алуу менен резолюция кабыл алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *