Мугалимдер министр Каныбек Исаковдон октябрда 30%га жогорулаган маянасын сурашты. Алар кандай жооп алышты?

Бүгүн, 22-октябрда министр Каныбек Исаков Кара-Көл шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, министр Токтогул Сатылганов орто мектебинде жана “Баластан” балдар бакчасына барып, окуу-тарбия иштери менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берген. Мугалимдерди октябрь айынан тартып 30%га жогорулаган маянасы кызыктырып, ал боюнча министрге суроо узатып, толук кандуу жооп ала алышкан.

Жолугушуунун соңунда министр балдар бакчасына китеп белек кылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *