Мугалимдик кесипти аркалаган атактууулар

5-октябрь бардыгыбызга билим берген, мөмөлүү дарак деп айтылып жүргөн ардактуу кесиптин ээлери – мугалимдердин кесиптик майрамы. Өлкөбүздөгү жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен редакциябыздын атынан куттуктайбыз жана ардактуу кесипти аркалаган атактууларды тизмектедик..

Роза Аманова

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, композиторлор союзунун мүчөсү, искусство таануу илимдеринин доктору, доцент, профессор, белгилүү дастанчы Роза Аманова Кыргыз-Түрк Манас университетинин консерваториясынын ректору кызматын аркалап келет.

Муратбек Бегалиев

Картинки по запросу Муратбек Бегалиев

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, коомдук жана мамлекеттик ишмер Муратбек Бегалиев К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп эмгектенип келет.

Алтынай Нарбаева

Картинки по запросу Алтынай Нарбаева

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эл сүйгөн ырчы, аткаруучу, “Ысык-Ата Арашан” фольклор элдик ансамблинин жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисткасы Алтынай Нарбаева көп жылдан бери Т.Сатылганов атындагы 69-мектеп гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет.

Исирадин Аманбаев

Картинки по запросу Исирадин Аманбаев

“Ай гитара”, “Ай жарык”, “Нестан Дарежан”, “Эй кыздар” өңдүү элдин сүйүктүү ырларына айланган көптөгөн обондордун автору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор Исирадин Аманбаев М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатында көп жылдан бери директорлук кызматты аркалап келет.

Назым Мендебаиров

Картинки по запросу Назым Мендебаиров

Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссер, театр жана кино актеру, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын ээси, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, Эл аралык Түрксой уюмуна кирген мамлекеттердин театр жетекчилери кеңешинин мүчөсү, Кыргызстандын кинематографисттер союзунун мүчөсү, Кыргызстан театр ишмерлери союзунун мүчөсү, Кыргыз киносунун отличниги Назым Мендебаиров Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин, Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда жана Кыргыз-түрк Манас университетинде “Актердук чеберчилик” сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенет.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *