Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба тармагындагы мамлекетик органдардын ишин сынга алды

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-майда, өлкөнүн айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде жашагандыктан жана алар жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, айыл чарбасы атамекендик экономиканын маанилүү сектору катары саналаарын баса белгиледи.

Премьер-министр айыл чарбаны өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары Жарлыгын ишке ашыруу алкагындагы маанилүү багыттардан болушу тийиштигин баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев кластердик өнүктүрүү жана тигил, же бул облусту белгилүү айыл чарба өсүмдүктөрүнө карай адистештирүү аркылуу аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы тармактын көптөгөн маселелери бир нече жылдар бою чечилбей келе жаткандыгын өкүнүү менен белгилеп, айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын ишмердигин сынга алды. Аны менен катар жер-жерлерде калк арасында өз ара аракеттешүү жана түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз облустардагы адамдардын жөнөкөй маселелерин чечүүбүз жана алдыга ишке аша турган милдеттерди коюшубуз керек. Ар бир айылда башка дыйкандарга үлгү боло ала турган, жок дегенде бирден квалификациялуу фермер болуусу керек», – деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, калкыбыз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин ишинин натыйжалуу жыйынтыгын көрбөй жатат.

«Министрлик айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуусу кажет. Ар дайым эле көйгөйдүн чечилиши акча каражатына барып такалбайт. Мамлекеттик органдардын ишин ирээтке келтирип, бул багыттагы айрым функцияларды ажыратуу зарыл», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жер саясатын аныктоо жана жерди трансформациялоо боюнча функцияны конкреттүү бир мамлекеттик органга өткөрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал ветеринардык көзөмөл жаатындагы функцияларды тартипке келтирүү зарылдыгына токтолду.

Премьер-министр өлкө ЖОЖдорунда агрардык тармактын адистерин даярдоо тийиштүү түрдө жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилеп, ал аймактардын суроо-талабы жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин билдирди. Анын айтымында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги облустардагы эң таасирдүү мамлекеттик орган болушу зарыл, буга байланыштуу ал Министрликтин ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өлкөнүн агрардык тармагын реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштарды бир айлык мөөнөттө кароого киргизүүнү тапшырды.

1 ой-пикир

  • Дыйканбай says:

    Андай реформа жургузуу учун Министрликтин жетекчилигинде министр же министрдин орун басарларынын бири агроном болуш керек. Ал эми стат-секретары эки жылдан бери мамлекеттик кадр кызматтынын баасы менен Кыргызстан боюнча эн начар- канаатандырлаарык эмес деген Баа алып жатса, Талаачылыкты тейлеген орун басары ветврач болсо, Анан кантип министрликтин иши онолот? Ал эми министрликтин негизги департаменттеринин жетекчилери (Агробиоцентрдин директору Туманов Жаныбай (70 жашта), химиялаштыруу департаментинин директору Жаныбек Дербишалиев, осумдуктордун экспертиза департаментинин директору Тен Дмитрий, механизациялаштыруу департаментинин директору Нурлан Кожогуловтор) асты 15-20 жылдап, арты 30 дан жылдан ашык аталган дерартаменттерде жетекчи болуп келе жаткандардан кутулмайынча иши онолбосу баарына маалым. 20-30 жылдан бери Алар департаменттерде мойнуна чейин тамырлашып, семейный бизнеске айланып кеткендигинен же чегирткелер менен курош жакшы натыйжа Бербейт, же жер семирткичтер же химиялык коргоо каражаттары арзандабайт! Ал эми биологиялык коргоо борборунун аты бар да заты жокко эссе болсо, механизация департаменти азыркы убакта эмне кызмат кылаарын бир кудай билет? Мына ушундай департаменттерди 15-20-30 жылдан бери жетектегендердин ордуна жаны кесипкой тажрыйбалуу адистер кызматка келип, жаныча иштей баштабаса, айыл-чарба министрлигинин иши онолбойт! Жана эч кандай реформа болбойт!!!Себеби жер-семирткич, химиялык препараттарын, айыл-чарба осумдукторунун сортторун алып келип жаткан фирмалардын дээрлик копчулугу ушул жетекчилер менен афилированныйлар деп жатышат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *