
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери – бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.
Ой-пикир жок