Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган  иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат. 

 

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *