Үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн Мунарбек Сайпидинов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады

Ош облусунун Ак-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Кара-Суу районунун эки айыл өкмөт башчыларынын үйлөрүндө, анын ичинде Мунарбек Сайпидиновдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

“Кечээ, 18-ноябрда, таңкы саат 6:45те алар үйдү тинтүүгө алышты. Буга чейин мен иш бөлмөмдү талкалаган адамдарга карата арыз жазган элем. Бул иш боюнча эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөйт, бирок кандайдыр бир себептерден улам мага карата тергөө иш-аракеттери башталды” – деди Сайпидинов.

Ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден “эгер ал чындыкты билүүгө кызыкдар болсо” аны жеке кабыл алуусун суранды.

Белгилей кетсек, Сайпидинов Мунар Акимжанович  – Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун “өкүл баласы” болот. Бул туурасында Сайпидинов төмөндөгүдөй жооп берди.

“Анын өзүнүн бизнеси бар, менде дагы бар. Баары эле жаштар келип, жаштар иштеши керек деп жатышат. Бирок, мага карата куугунтук болуп жатат, анткени мен Матраимовдун өкүл баласымын”.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *