Мурашевдин айынан 140 тонна жашылча-жемишти Россия артка кайтарды

Кыргызстандан барган 140 тонна жашылча-жемишти Россия артка кайтарды. Бул тууралуу Россиянын айыл-чарба көзөмөл башкармалыгы билдирет. Алардын маалыматында, Кыргызстандан 18,5 тонна гилас, 20 тонна өрүк, 23,8 тонна сабиз, 20 тонна пияз, 14 тонна картошка, 1,5 тонна кызылча Новосибирск облусуна келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө товарда маркировкасы жок, экспорттогон тарап боюнча маалыматтар жетишсиз жана фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен артка кайтарылды. Мунун баары көзүң кайсы десе мурдун көрсөткөн айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин иштин көзүн билбеген мажүрөө, байкуштугунун кесепетинен болууда. Дыйкандарга шарт түзүп бере албай сызга отургузган министрдин эмне кереги бар?

Булак: “Фабула”

2 comments

  • Ала-Тоо says:

    Урматтуу замандаштар, министр Мурашов кыргызстандан чыгып жаткан ар бир автомашинаны тийиштуу документтерди алдыңбы деп коштоп жүрө албайт да. Ким жүк алып чыгып жаткан болсо, ал тийиштүү талап кылынуучу документтерди алуусу зарыл, ал эми контрабанда жолу менен чыгарып кетем деген оюу ишке ашпай калса ага өзү күнөөлү.

    Министрлик тарабынан экспорттук багыттагы иштерди жүргүзүүгө толук колдоо болуп жатат, жол ачык. Биз бир райондон экинчи бир районго жүк алып бара жаткан жокпуз да. Сыртка чыгам дегенден кийин, эл аралык талаптарды аткарышыбыз керек.

  • Абдыкерим says:

    Мурашевдин эмнеси кем экен тигил ончой кондой министрлердин армиясынан, катардагы эле министр салыштырмалуу, кимдин эле акылы ашып жатыптыр, премьер озу колхоздун башкармалыгына жарайбы? Тоюс, акыркы эле беш-алты премьер Мурашевден оодолугун корсоттубу? Жанторо “он пайыз осту экономикабыз” деп компойгонуна кечээки Айылчы Сарбаевдин создору куп жооп болуптур, “осту деп суйунчу, томондоду деп куйунчу экономикабыз озу жок” деп. Бирок Мурашев деле чон суйлосо болмок экен, “мин сомдук” болбой, ал жерде “мистер 10 %”, “кошелок”, дагы эмне аталгандардын арасында журсо.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *