Мурат Калыков, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы: Айдаркен сымап комбинатынын жетекчисине экологиянын кереги жокпу?

—Мурат мырза, Айдаркендеги сымап комбинатынын азыркы экологиялык абалы кандай?

—Барына маалым болгондой сымап өндургөн аймакта сөзсүз экология бузулат, адамдардын ден соолугу начарлайт. Союз убагында жалаң план берилип, экологичны эч ким караган эмес, жылына 15-17 тонна ртуть абага чачылып турган, бул газеталарга жарыяланган. Ртуть бул өтө зыян зат. Изилдөөлөргө ылайык, ртуть жерден казылып, рудадан бөлүнгөндөн кийин ал жоголбойт, аба мснен өйдөгө көтөрүлөт дамуздагандан кийин кайра тамчы болуп жерге түшөт. Жерге түшкөндө ысып кайра бууга айланып, өйдө көтөрүлүп ылдый түшүп абада жүрө берет. Ошол маалда аба менен дем алуучу органдары аркылуу организмге кирет да чыкпайт. Жыйынтыгында түрдүү ооруларды пайда кылат, бул бизге «минамат» деген ат менен белгилүү. Чоо-жайын айтсам, Японияда Минамата деген шаарда комбинат болгон, алташтандысын деңизге төккөн. Ртуть деңиз чөптөрүнө сиңип, ал балыктардын организминесиңип, анан адамдарга өткөн. Ооруп баштаган маалда дарыгарлер аныктай албайт кыйналган. 1956-жылычакан шаарда 1700 адам ооруп, дартты аныктагандан кийин минамат оорусу деген ат берген. Көздүн көрүшү начарлап, шал болуп, эсин жоготуп, акыры өлүмгө жеткен. Япония кетирген зыянды калыбына келтирүү үчүн 12 млрд, каражат кетирген.

—ЮНЕП проектиси эмнени көздөйт?

—Дүйнө коомчулугу ртуттун зыяндуулугун билген соң аны өндүрүүнү кыскартуу чечимин кабыл алган. Ошонун негизинде ЮНЕП проектиси иштеп баштады. Биз анын алкагында изилдөө жүргүзүү үчүн Айдаркендеги сымап комбинатына барсак жетекчилери каршы чыкты. Экологичный текшерип туруп жаап таштайсыңар деген жүйө менен. Чындап эле комбинаттын абалы начар экен, тегереги бүт булганган, таштандылары ачыкжатат. Уукалдыктар көмүлгөн жерден суулар чыгып, андан жайылган малдар суу ичип жүргөнүн көрдүк. Мунун баарын текшертпеш үчүн булар каршы чыкты, ичине киргизбеди. Биз сыртынан изилдөө жүргүзүп, отчет чыгарып, бийликтин бардык бутактарына бергенбиз. Айдаркендин аймагында ртуть, мышьяк ж.б. баары нормадан ашыкча. Ашыкча концентрат сууларда, абада ашыкча экен. Биз күзүндө, суук түшкөндө барып текшердик, ал учурда буулануу аз болот. Эгер жайында, күн ысыганда текшерсе мындан 10 эсе коп болмок. Дарыгерлер да текшерип, республиканын башка территориясына салыштырмалуу Айдаркенде ооругандардын саны 1,7 эсеге коп экенин, дем алуу орган дары 1,9 эсеге, кан айлануу органдары 1,3 эсеге, заара бөлүүчү органдар 1,5 эсеге коп жабыркаганын тастыкташты. Комбинатта иштеген кишилер иштебегендердикине Караганда канында 60 эсеге, заарасында 23 эсеге, чачында 17 эсеге көп ртуть концентраты бардыгын далилдеди. Бул элибиздин саламаттыгынын бузулушу.

—Минамат келишимине канча өлкө кирди?

—2013-жылы кабыл алынып, ага 128 өлкө кол койгон, азыр 95 өлкө ратификация кылды, Минамат конвенциясы күчүнө кирди. Эми биздикилер сымап өндүргөн чакта да сата албайт. Анткени, Минаматага кол койгон өлкөлөр сырттан сатып албайт. Биздикилер Кытай менен Россияга экспорттогон. Эки өлкө конвенцияга кирди, кол койду. Эми бизде бир гана жол бар Кыргызстан конвенцияга кириши керек да, келишимдин алкагында 15-20 жылдык өндүрүшү кажет, себеби уруксат бар. Болгону канча өндүрдү, кимге сатты, сатып алгандар эмнеге пайдаланды, ошону гана көзөмөлдөйт. Анткени кээбироо жеке өндүрүшкө салып бууландырып экологияга зыян келтирет экен, ошону көзөмөлдөйт. Тилекке каршы комбинаттын азыркы жетекчилер аны каалабай, каршы чыгышууда. Мунун түбү туңгуюкка алып барат. Аларга элдин саламаттыгы менен экологиянын кереги жокпу?

—Бул иште комбинат деректиринин депутат Закир Шараповго доомат артканы дуруспу?

—Закир Шараповго жалаа жаап, каралап жатканы бизге да түшүнүксүз. Ал киши ошол өрөөндүн депутаты катары Айдаркендеги сымап комбинатын жандандыруу иретинде кандай просктилер бар экенин сурап бизге кайрылган, маалыматтарды бергенбиз.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *