Мурда бир нече жолу сойкулук жайларды уюштуруу жана күтүү боюнча соттолгон аялдын иши жаңы кароого жөнөтүлдү

Муратова Тажи 2014-жылы Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан имаратты өзүнө өткөрүп алып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп мончо куруп, сауна катары иштетип, ал жерге 1993-жылы туулган А.У., 1986-жылы туулган Н.З., 1994-жылы туулган А.Д., 1987-жылы туулган Т.М., 1992-жылы туулган О.Ж., 1992-жылы туулган Р.Н., 1984-жылы туулган К.Ж., 1990-жылы туулган Т.А., 1987-жылы туулган Б.З. жана 1978-жылы туулган И.М. аттуу кыздарга сойкулук жасаганга атайын бөлмөлөрдү, жуунучу жайларды бөлүп, толук шарттарды түзүп берип, иштетип, андан түшкөн пайдасын өз кызыкчылыгына пайдаланып жүргөн жеринен 2015-жылдын 27-декабрында жүргүзүлгөн атайын тергөө оперативдик иш чаралардын натыйжасында кармалган. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Т. Муратова мурда соттолгон: 1) 26-апрель 2010-жылы КЖКнин 261-ст. (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) 1-б. менен күнөөлүү деп  табылып, 1 (бир) жыл сынак мөөнөтү белгиленген; 2) 4-декабрь 2013-жылы КЖКнин 166-ст. (Алдамчылык) 2-б. 1,2,3-п.п. менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу, кылмыш-жоопкерчилигинен бошотулган; 3) 19-июнь 2014-жылы КЖКнин 261-ст. 1-б. менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылып, 1 жыл сынак мөөнөтү белгиленген.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 4-июлундагы өкүмү менен Муратова Тажи Турсунбаевна 1956-жылы туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү 4 (төрт) баласы бар, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 261-ст. (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) 1-б. менен күнөөлүү деп табылып, 3 (үч) жылга эркиндигинен ажыратылып, белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип 3 (үч) жылга  сынак мөөнөт аныкталган.

Жалал-Абад областтык соту, соттолуучу Т.Т.Муратова мурда ушундай эле кылмыштарды жасап  шарттуу соттолуп, бирок өзүнө туура тыянак чыгарбай туруп, белгиленген сынак мөөнөтү бүткөндөн кийин, кайрадан эле жасаган кылмышынын мүнөзү менен коомдук коркунучтуулук деңгээлине тийиштүү түрдө баа бербей, анын өздүгүн эске албастан ага карата жеңил жаза чектеген деген тыянакка келип, 2016-жылдын 10-ноябрындагы аныктамасы менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 4-июлундагы өкүмүн бузуп, жазык иши башка курамда жаңыдан карап чыгуу үчүн ошол эле сотко жөнөтүлгөн.

Областтык соттун аныктамасы жарыяланган убакыттан тартып мыйзамдуу күчүнө кирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *