Мурдагы губернатор Искендер Айдаралиев жакында бир нерсе айтам дейт го…

Мурдагы губернатор Искендер Айдаралиев бүгүн күндө “Био-KG” органикалык кыймыл федерациясын жетектейт. Ал “Спутник Кыргызстан” радиосуна маек берип жатып, 13-декабрда Бишкекте ирригация маселелерине байланыштуу конференция өтөрүн айтты.

Анын айтымында, ал конференцияны Республиканын ар бир облусундагы сугат суусуна байланыштуу көйгөйлөр менен таанышып келген демилгелүү топ өткөрөт. Ал иш-чарага ар бир облустан дыйкандар менен жергиликтүү бийлик органдарынан турган делегация, ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эксперттер жана демилгелүү топтун өкүлдөрү катышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *