Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сотто кимге нааразы болду?

Бүгүн, 11-ноябрда Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароону улантты. Процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилиги алдында өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулар «Электрдик станциялар» ААКнын өкүлүнө суроо беришкенде, алардын суроосуна ал так жооп бере албай, даярдык үчүн соттон убакыт сурады. Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев нааразы болуп, “11 айдан бери эле даярданып жатышат, биринин да так жообу жок. Алар баарын жатка билиши керек болчу“,-деп ачууланды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Эксперттердин жыйынтыгы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом зыян алып келген.  Оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир топ андагы атка минерлерге кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Айыпталуучулар четинен суралууда. 6-ноябрда “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы, айыпталуучу Айбек Калиев суралган. Ага чейин мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев суралып, ал андагы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы аткарылып турганын ачык эле айтып берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *