Мурунку калаа башчылар Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштери бириктирилди

Бишкектин мурунку мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши бириктирилди. Бул тууралуу  алардын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, кеп «Калыс-Ордодогу» мектептин курулушунда болуп жатат. Кылмыш иши  өзүндө 50 томду камтыйт. Анын материалдары Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүлдү.

Айыпталуучулардын арасында 14 адам бар, алардын баардыгы, Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов дагы, коррупцияга айыпталууда.

Тергөөнүн версиясына караганда, мурунку аткаминерлер курулуш иштеринин көлөмүн атайлап, негизсиз 12 миллион 160 миң 641 сомго жогорулатышкан.

Ошондой эле Албек Ибраимов «Дастан» ишканасын таратып, физикалык жана юридикалык жактарга муниципалдык жер тилкелерин берүүдө коррупциялык иштерди жүргүзгөн деп айыпталууда.

Булак:KyrgyzToday   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *