Мурунку судья Жапар Эрматов мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берди

Бүгүн, 16-октябрда Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу алдын ала угуулар уланды. Ал кечээ Атамбаевсиз башталган. Бүгүнкү сот отурумуна Нарын райондук сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов келип катышып, ал Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Жапар Эрматов Индира Жолдубаева президенттик  аппараттын сот реформа бөлүмүн жетектеп турганда ага телефон чалганын айткан. Анын мындай маалыматын Жолдубаева четке каккан. Ошондой эле адвокат А.Турумбекова Жолдубаева кайсы телефондон чалганын сураганда, Эрматов эсинде жоктугун айткан.

Жапар Эрматов жөнүндө маалымат бере кетсек, ал Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча, бул судья Батукаевдин оор дарты тууралуу справкасын кылдат иликтебей туруп  канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзүп берген. Ага «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу», «Коррупция» беренелери менен кылмыш иши козголгон.  Ошондон кийин, 8-июлда президент Сооронбай Жээнбеков  кызматынан бошоткон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *