Мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов УКМКда сурак берди

Бүгүн, 18-декабрда мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов УКМКда сурак берди. Бул тууралуу УКМКнын антикоррупциялык кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат. Кийин транспорт министрлигиндеги кырдаалга юридиклык баа берилет.

14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумунда Жамшитбек Калиловго катуу сын айткан, өлкө башчы министрдин орун басарынын чоң пара менен кармалганын айтып, бул ишке тиешеси бар кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирген.

Эртеси күнү Жамшитбек Калилов өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал анын орун басарынын кылган ишине ишене албай жатканын айткан.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *