Мурунку Жаңы-Турмуш айылы – азыркы Талас шаарынын кулуну Өзбек Шамбетов Варшава шаарындагы эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган

Улуу Жеңиштин 75 жылдык маарекесине карата, согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-энелеринин эмгектерин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет. Бул тууралу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын бири Шамбетов Өзбек ал 1922-жылы Буденовка районун Жаңы-Турмуш айылында азыркы аталышы боюнча Талас облусунун Талас шаарында туулган.

1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина фронтунун 1-бригадасынын 15-мото аткычтар бөлүмүнө түшкөн. Өзбек Шамбетов согуш жылдарында Воронеж шаарынан Украина аркылуу Молдова жана Польшанын Варшава шаарына чейин фашисттер менен кармашкан. Согуш мезгилинде ага сержант наамы менен автоматчандар бөлүмүнүн командири болуп, көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл жылдыз” ордени жана “Эрдик” медалдары менен сыйланган.

Кандуу согуш аяктагандан кийин Краснодар аскер окуу жайына тапшырып, 1946-жылы үйүнө кайтарылган. Туулган жерине келип айылына, элине-жерине болгон сагынычын таркаткандан кийини, кайрадан жогорку билим алуу максатында Москва шаарындагы КППСтин борбордук комитенин жогорку партиялык окуу жайына тапшырып, окууну аяктаган соң Кыргыз ССРинде мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалап, талыкпаган эмгегинин аркасында бир нече сыйлыктар менен сыйланып, ардактуу эс алууга чыккан.

Атасынын мыкты тарбиясын алган баласы Шамбетов Уран Өзбекович атасынын Кыргыз эли үчүн жасаган эмгеги менен сыймыктанып, учурда өзү Чүй облусунун Москва райондук ИИБдүн жетекчиси кызматын аркалап, ата жолун жолдоп Кыргыз эли үчүн кызмат кылып келет. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата сугуштун жана оруктун катышуучуларынын баа жеткис эмгектерин эскерүү ар бирибиздин милдетибиз экенин билдирет.

   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *