Мушкер Дастан Али Шаршеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Кечээ, 26-февралда Кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу ал инстаграмдагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

Дастан Али Шаршеев башкы беттеште россиялык Алексей Додонов менен күч сынашты. Беттештин экинчи раундунда эле Шаршеев Додоновду нокаутка кетирип, атаандашын жеңип алды.

Белгилей кетсек, аталган турнирде кыргызстандык мушкерлер  Шахриза Халилова жана Рустам Ибрагимов да жеңишке жетишишти.

Булак:KyrgyzToday

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *