Муз ордунан козголду же көпөстөрдөн эл байлыгын кайтаруу иши башталды

Коррупцияга малынбаган таза кишинин бийликке келгени мүлдө кыргыздын бактысы болгонун бүгүнкү күндөгү окуялар тастыктай баштады. Дегенибиз, кыргызды каалагандай калчаган капчыктуу топторго кыл сыйыртмак салынып, алкымга куюлган байлыктар чекеден кайтарыла баштады. Анын бир далилин борбор калаабыздын түштүк тарабында ачылган жаны парктан көрдүк. Ажобуз мыйзамсыз түрдө жерге ээлик кылгандардын жана ээлегенге аракеттенген топтордун тилегин таш каптырып, ал жерди элге кайтарып берди.

Муну менен гана токтобой тургандыгын, менчиктешип кеткен башка жерлер дагы жакын арада кайтарыларын баса белгилеген Президент Сооронбай Жээнбеков ары жакта маңкайып жаткан олигархтардын гектарлаган жерлерин колу менен жаңсай көрсөтүп: «тигил гектар-гектар жерлерди дагы шаарга өткөрөбүз, ал жакка ири спорт комплексти, эс алуучу жайларды, мейманкана жана бизнес-борборлорду курабыз» деди. Көзүбүзгө көрүнүп тургандай, мындай ишти – таза, булганбаган, мамлекет үчүн күйгөн киши гана аткара аларын турмуш өзү тастыктоодо.

Бул иште президент саясий эркин көрсөттү десек жаңылышпайбыз, жалгыз мэрдин колунан эч нерсе келмек эмес. Анткени, бул аймактагы жер тилкелери аягы бүтпөгөн чыр менен коштолуп, эч кимиси батынбай келген. Тээ Акаевдин учурунда так ошол аймактан, «Ата-Түрк» паркынын жогорку жагынан 130 жер тилке жана гектарлаган жерлер көпөстөргө ыйгарылганы 2005-жылдан кийин ачыкка чыгып, жерге ээлик кылгандардин аты коомчулукка ачыкталып, учурда абакка киргизилген Кубанычбек Кулматовдун 3 жер участогу бар экени билинген.

Элдин шарданы менен бийликке келген Курманбек Бакиев чамынып, «мыйзамсыз курулуштардын баары токтотулат, жерлер кайтарылат» деп жалпы эл алдында касам ичкен. Бирок, алкымы кең Закиржан көпөстөргө сатылып кеткен экен, жерди элге кайтарып берген жок. Апрель революциясынан кийин бийликке келгендер киришип, «Ата-Түрк» паркындагы 11 гектардан ашык жер турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгенин Башкы прокуратура тарабынан аныктатып, мэриянын ошол учурдагы кызматкерлерине карата 2011-жылы кылмыш ишин козготкон.

Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин көпөстөргө кекиртегин майлатып, сот тарабынан үйлөрдүн салынышын мыйзамдуу деп таптырып берген, анын жыйынтыгында үйлөр курулган парктык аймак сейил бактын чегинен чыгарылган. Болбосо ошол маалда жерди мыйзамсыз ээлеп алгандардын оозунан келмеси түшүп, кайтарып берүүгө даяр турган. Айтсак, мыйзамсыз ээлик кылгандын бири, Жогорку Кеңештин депутаты З.Жамалдинов жалпысынан бир гектарга жакын жери бардыгын, эгер, сот мыйзамсыз деп тапса кайтарып берүүгө даяр экенин айткан.

Тилекке каршы, ал учурдагы алкымы бузук бийлик тарабынан кайтаруу иштери жасалган жок. Айтор, парктагы жерлер кайтарыларынан үмүт түзүлгөн эле. Минтип күтүүсүз жерден бир өңүрү кайтарылганын көзүбүз менен көрүп жатабыз. Ажобуз саясий эркин көрсөтүү менен олигархтардын колунан жулуп алып, жөнөкөй жарандарга парк куруп берип отурат. Чындыгында эле эгер саясий эрк болбосо, паркты көрмөк турсун атын да укпай, катар тизилген особняк үйлөргө такалып калмакпыз. Иштесе болот турбайбы.

Президенттин мындай иш-аракетин жалпы эл колдой тургандыгын ачык билдирип коюшубуз керек. Ошол жерлерге олигархтар менен мыйзамсыз байыгандарга килейген особняктарды салдыргандан көрө элге пайдасы тийген, мамлекет үчүн кызмат кыла турган стадион, эс алуучу жайлар курулсун. Алыстан мейман келсе азыр алып барып көрсөтө турган жерибиз жок. Союз убагында курулган Спорт сарайы, Филармония ж.б. имараттардан башка шаарыбызда көркүнө чыгаруучу эч нерсе курула элек.

Албетте, барыбыз күбө болгондой, бир жарым жылдан бери Президент эскиден калган саркынды менен күрөштү. Ири коррупциялардын бетин ачып, мурдагы премьер-министрлерди, министрлерди, мэр болуп иштегендерди, депутаттарды темир тордун артына отургузуп, душманын көбөйттү. Бул оңой-олтоң иш эмес. Жемкорлук иштердин «көзүрү» деп шек саналган мурдагы президент дагы акыры барып темир тордун артында.

Кыскасы, мыйзамсыз берилген жерлердин кайтарылып, шаар тургундарына парк жасалып бериши, далай көпөстүн түн уйкусун бузуп, кадимкидей чочутту. Муну жакшылыктын жышааны катары эсептеп, иштин башталышы катары карашыбыз керек. Жакынкы күндөрдө гектарлаган жерлер менен катар үйлөр курулган аймак дагы кайтып калышы ажеп эмес. Анын чекесине күбө боло баштадык.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *