Музейде эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысы жогорулады

Өлкөнүн маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетине 15 миллион 480 миң сом каралган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *