Мыйзамды оюнчук көрүп, чатак чыгаргылары келип жатышабы?

Слесарев акыркы билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин ушул жылдын 15-майындагы Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы, парламенттин ушул жылдын 27-июнундагы экс-президент А.Атамбаевден кол тийбестикти алуу жөнүндө чечими “легитимсиз” болгондуктан, “АШАны суракка чакырган мыйзамсыз, демек ал ИИМдин тергөө башкармалыгынын сурагына барбайт, кат жүзүндөгү суроолорго кат жүзүндө гана жооп бериши мүмкүн”- деп билдирди. АШАнын акыркы убактарда “бийликтегилер мыйзамдуу жолго түшмөйүнчө, мен алардын талаптарын аткарбайм”- деп жаткандыгы ошондон экен.

Мамлекеттик укук-ченемдик актылардын легитимдүүлүгү боюнча жыйынтыктарды сот гана чыгара алат. Жеке адамдын, айын үстүнө адвокаттын Жогорку Кеңештин эки чечиминин легитимдүүлүгүнө ачыктан ачык шек келтирип жаткандыгы укуктук жактан кандай чечмеленет, кандай чаралар көрүлүүсү мүмкүн, ал жөнүндө билбейбиз, аны тийиштүү адистер териштиришер, биз бул жерде “Кыргыз республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Конституциялык палатанын чечиминин негизинде, 2003-жылы кабыл алынган мыйзамдын Башмыйзамдын айрым беренелерине ылайык келбей калгандыгына байланыштуу ага өзгөртүүлөр киргизилгендигин айткыбыз келет. Бул жагынан анын легитимдүүлүгүнө кенедей да шек келтиргенге болбойт. Ал эми анын иштешине келсек, ал мыйзамдын жарыяланар менен күчүнө кире тургандыгы жазылып турат. Эгерде ал да жетишпесе, Башмыйзамдын 16-беренесинин 3-пунктундагы
мыйзамдын айрым жерлери мына ушул беренеге ылайык келбей калгандыгына байланыштуу, Конституциялык палатанын чечимине ылайык, айтылгандай өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өңүттөн алганда мыйзамдын качан, кимге таркатылышы жөнүндөгү ой жоруулар суу кечпейт. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болгондон кийин Кыргызстандын кандай жараны болбосун, ким экендигине карабастан кылган мыйзамсыз ишине жараша мыйзам алдында жооп бериши керек.

Конституциялык палатанын мурдагы жетекчиси Э.Мамыровдун, дагы бир катар адамдардын “эгерде оордото турган жактары болсо, мыйзам артка иштебейт, демек 15-майда кабыл алынган нормалар АШАдан кийинки президенттерге гана таркатылыш керек”- деп жүргөндөрү – алардын жекече пикирлери. Алар бул маселе боюнча ойлоруна эмне келсе, ошолорду айта беришет, алар өздөрүнүн жекече көз караштары боюнча кала берет, бирок бул маселе боюнча сот гана чечим чыгара алат. Сот чечим чыгаргыча, өздөрүнө жакпагандарды мыйзамсыз деп, аны аткарбай коюу – чыныгы укуктук нигилизм, кылмышка тете көрүнүш болуп саналат. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр, эгерде алардын логикасына таянса, Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-пункту жокко чыгып калып жатпайбы. Кандай мыйзам, укук-ченемдик акты кабыл алынбасын, эгерде анын айрым берене, пункттары Башмыйзамдагы нормаларга ылайык келбей калса, артыкчылыктуулукка Башмыйзамдагы нормалар ээ болот. Ошон үчүн Башмыйзам!

Тилекке каршы, АША өз мойнунан мыйзамдын сыйыртмагын бир нече күн да болсо алыстатуу үчүн ИИМдин тергөө башкармалыгынын чакырыгына келбей жатса, анын адвокаты алган акчасын актоо үчүн аны шыкактап, жок нерселерди табышып, мыйзамдарды бурмалашууда. Мында кошумчалай кетчү нерсе, С.Слесарев өзүн АШАнын адвокаты деп жүргөн менен анын атынан иш жүргүзгөнгө укук берген ишеним каты же ордери да жок экен. Же азырынча аны “самопал самозванец” адвокат десе да болчудай. Өзү мыйзамды бузуп жаткан адвокатка карата мыйзамдуу чараларды көргөнгө болобу?

Биз бул суроону тийиштүү укук коргоо органдарына багыштагыбыз келет.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *