“Мыкты кыргыз боз – үй” сынагында Ысык- Көл облусу биринчи орунду ээледи

Дүйнөлүк эпостор фестивалынын алкагында жарыяланган “Мыкты кыргыз боз –үйү” сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралу КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Сынакка Кыргыз Республикасынын бардык дубандарынан келген чеберлер катышты.
1 орун – Ысык- Көл облусу – 70 000 сом менен Матанова Айымгүл Турсуналиевна, 2 – орун 50 000 сом менен Исаева Арсан Талас облусу жана 3 орун 30 000 сом менен Бишкек шаарынын тургуну Аалиева Таалайкан Жусуповналар сыйланышты.
Мындан сырткары, кызыктыруучу акчалай сыйлыктар менен Ош, Жалал – Абад, Чүй, Ош жана Бишкек шаарларынын боз – үй ээлери сыйланышты.
“Мыкты кыргыз боз – үйү” кароо-сынагы 2019-жылдын 27-28-июнь күндɵрү Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын алдында өткөрүлгөн
Жеңүүчүлөр 28-июнда Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын алдында V Дүйнөлүк эпостор фестивалынын гала концертинде сыйланышты

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *