Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурорго: “Президенттин, премьер-министрдин иши боюнча көзөмөл барбы?”

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бийликтин бардык бутактарынын башчыларынын ишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго “Президенттин, премьер-министрдин, төраганын жана башка бийлик бутактарынын иштери боюнча көзөмөл барбы?”, – деп сурады.

Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, 2019-жылы прокуратура Мамлекеттик аппаратта текшерүү жүргүзгөн.

«Ооба, мыйзам боюнча бизде укук бар. Буга чейин президенттин, премьер-министрдин иш-аракеттердин мыйзамдуулугу текшерилген эмес. Эми бардык органдар текшерилет. Биз муну былтыртан баштап планга коюп баштаганбыз, ушул жылы дагы улантабыз ”, – деп убада берди Башкы прокурор.

Белгилей кетсек, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште  2019-жылы аткарган жумуштары боюнча  отчет берип жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *