Мыктыбек мырза да мыкты болбой калдыбы?

Кыргыз парламентинин азыркы курамында мыкты делген депутаттардын төрт-бешөөсүнүн бири болуп айтылып жүргөн Мыктыбек Абдылдаев деген эл өкүлү акыркы учурларда калыстыгынан тайып бараткандай. «Сыныктан башканын баары жугуштуу» делгендей же ал киши да азыркы парламенттин атмосферасында аргасыз ошондой нукка бурулууга мажбур болуп калдыбы ким билсин, айтор кээде каратып туруп эле жагымсыз жагдайлардагы оюндарга кирип кетчү болду. Алсак, өткөндө депутаттар жаңы мыйзам
кодекстери тууралуу болгон жыйында (убагында өзү да добушун берсе керек) Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Соттун төрайымы Гульбара Калиевага ыксыз эле асылып, акылдуусунам деп атып башкы фемидадан тил угуп, кагуу жеп тим болду. Ал эми мурдагы күнү УТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо учурунда да болуп өткөн терс оюндардын башкы каармандарынын бири болуп чыга келди. Ал кишинин улам
кайталанып аткан мындай кадамдарын көрүп алып, «ишенген кожобуз сиз болсоңуз… » деген накыл сөз аргасыздан эске келет экен. Башкаларга го айла жок, сизге не болду анчалык, урматуу Мыктыбек Юсупович?

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *