“Мындай кылыш керек болчу, андай кылыш керек болчу” деген саясатчылардан качан арылабыз?

Негизи “Азаттык” уюштурган маектен саясатчылардын чыныгы жүздөрү көрүнөт. Өткөн жумада Садыр Жапаровду колдоо митинги тууралуу талкуу уюштуруп, ага Адахан Мадумаров, Темир Сариев аттуу мамлекеттик кызматты да көргөн, жумушу жок да жүргөн саясатчылар, экс-депутат Надира Нарматова менен серепчи Жолборс Жоробеков катышыптыр.

Сөздүн ток этер жери, «мындай кылыш керек, андай кылыш керек» деген баягы эле стандарттуу сөздөр, аларды кеп-кеңеш деп айтуудан да айбыгып турабыз. «Алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болчу, бийликтен бирөө чыгып коюш керек болчу, анан милиция таш атпаш керек болчу» жана башка «болчу, болчу…»

Митингге чыгып, жарандар өздөрүнүн ойлорун эркин билдирүүсү керек, албетте. Бирок ошол эле Темике митингчилер чыгып сүйлөп, жыйынтыгында резолюция кабыл алып, аны бийликтегилер алып караштырарын башкалардан абдан эле жакшы билет. Билип туруп – алдын алыш керек, анан бирөө чыгыш керек, түшүндүрүш керек дейт. С.Жапаровдун жагдайында соттун чечимине бийлик кантип кийлигише алат? Болбосо, сот өзүнчө бийлик экенин Сариев сопсонун билет. Туруп-туруп кайра өзү эле Садыр Жапаровго адвокаттары, юристтери барып түшүндүрүп бериш керек эле, андан кийин кат Президентке жетет, комиссия карап, сага ырайым берет, деп чечмелеп берип жатат. Бул жерде мамлекеттин чоң тепкичинде иштеп келген, ошол эле талкууда мамлекет ичинде мыйзам иштеп, тартип болуш керектигин белгилеген Сариев жөн жерден эле бийликти чымчылаганы көрүнүп калды. Же акыл үйрөткөндөгүсүбү?

Саясатка келгени чечендигин айда чыңаган Адахан болсо митингди көрбөгөнүн айтып, студиядан көргөн кадрларда «милиция элге таш атып жатканы маскарачылык» деп кадимки өзүнун сөздүк запасындагы сөздөр менен бир каптап адды. Балким, мен көрбөгөн кадрларда кандай болду экен, деп ойлогон да жок. Жок дегенде «Азаттык» митинг боюнча чакырып жатыптыр деп, интернетке баш багып, жаалданган аялдардын жөнөкөй мамкызматкерлерге атырылганын, түрмөгө чейин барып болсо да Садырды бошотуп кетебиз, деген радикал чакырыктарды көрүп койсо, балким башкача оюн айтаар беле.

Дегеле, милицияны башка жактан жалдап келгенсип кордогонубуз, жаман сөз айтканыбыз туура эмес экенин ушу мамлекеттик кызматта иштеп кеткен эргулдар жакшы түшүнүшү керек болчу. Болбосо, ошол милиция корголуучу объект болуп саналган Ак үйгө чабуул баштаганда таш эмес, башкасы менен чабууга да акысы бар.

Ошол өзү мүчө болгон «Ак Жолдун» чоңдору – канкор Бакиевдин учурунда таш эмес, кызылдай октордон канча кыргыз жигити мерт кеткенин көргүсү жок, уккусу жок. Керек болсо, ошол Апрель окуясын тааныгысы жок. Бул өзүнчө бир тема… Адахандын азуусун айга жанган чечендигинде кеп жок. Бирок, биринчи кезекте жигиттин сөзү менен иши айкалышы керек.

Кайсы бир телеберүүдө депутат Рыскелди Момбеков «Ак Жолчусуң» десе, кызылдай эле «акжолчу эмесмин» деп танганы жигитчиликке жатабы, бул чоң маселе. Жөн гана ал партияда болгонун, жаңылып-жазганын өзүнүн керемет тили менен түшүндүрүп кечирим сураса, ал эмес башкасын кечирип келаткан айкөл кыргыз эли кечирет эле. Жаңылганын мойнуна алды деп балким сый-урматка татыйт беле. Себеби, кылган катачылыгын мойнуна алуу дагы чоң иш. Антүүгө духу жетпегенден кийин, анын азыркы бийликти, ошол эле Атамбаевди сындаганы «тилинен чаң чыкканы менен колунан пок да келбейт» дегенге татыйт.

«Садыр Жапаров Атамбаевдин убагында саясий күнөөкөр катары камалды. Азыр Атамбаевсиз Атамбаевдин жолу менен кетип жатышат», – дейт Жолборс аке. Ушуну Атамбаевдин учурунда айта алды бекен ал. Мейли, ал жагын шүк коелу. Кечээ жакында эле С.Жапаровдун бакиевчилердин колдоосуна (именно каржылык колдоосуна) таянып алып, ар кандай провокацияларды жасап келатканын бирөө интернетке жүйөөлөрүн келтирип, жарыялаптыр. Жолборс аке ошону окуп койсо болмок. Серепчи деген мындай, эки жактуу сереп жүргүзүш керек да, кичине. Болбосо, адабият чөйрөсүндө «китепти окубасак дагы оюбузду айталы» деген лакап кеп бар. Дал ошондой болуп жатат, Жолборс аке. Бирок анын баарынан элдин көңүлү калды – бийликтен дагы, митингден дагы көңүлү калды дегенине кошулса болот. Болгону, саясатчылар менен иттин кара капталындай серепчилерден дагы көңүлү калды десе, куп жарашмак.

Экс-депутат Надира Нарматова митингди Каныбек Осмоналиев башында турган штаб уюштургандан кийин конкреттүү жоопкерчиликти мойнуна алышы керек эле, Садырдын кайрылуусун эске алып, Каныбек Осмоналиев митингди токтотушу керектигин, митингди уюштургандар Садыр Жапаровду курмандыкка өздөрү чалып бергенин белгилеп, калыс сөзүн айтты.

Садырдын тарапташы болуп туруп, калыстыкты айтуу түшүнгөң адамга оңой иш эмес. Дегенибиз, жогорудагы эр-азаматтар калыстык, акыйкаттык, адилеттик деген улуу кептерди оозанарда Надира эжеден сабак алгыла. «Азаттыкка» барганыңардагы мыкты сабак ушу болсун силерге. Башканы сындап жатканда, алды-артыңарды абай салып жүргүлө, кыргыздын кыраандары.

Камчы Кадыров

Булак: “Мантыш”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *