Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Мындай парламент менен ууга баруу кооптуу: “күнкарама” депутаттар парады
Коом

Мындай парламент менен ууга баруу кооптуу: “күнкарама” депутаттар парады

Жогорку Кеңештин 31-январдагы пленардык жыйыны бишкектиктерди сууктун күчөп турган күндөрүндө кыйсыпыр түшүргөн ЖЭБ маселеси менен башталды. Бишкек жылуулук электр борбору аварияга тушугуп, борбор калаанын тургундары беш күндөй жылуулуксуз калган эле.

Жыйын башталганда эле айрым депутаттар өкмөт башчысы Сапар Исаковду чакыруу зарылдыгын айтышты. Алар өздөрүнө маалымат берүү үчүн келген башка өкмөт мүчөлөрүнө канааттанышкан жок.  Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ЖЭБдеги кырдаал тууралуу доклад жасайын дегенде, аны токтотушуп, өкмөт башчысынын келишин талап кылышты.

Спикер Дастан Жумабеков Сапар Исаковдун башка да маанилүү жумуштары бар экенин айтып, жыйынга келген өкмөт мүчөлөрү менен эле ЖЭБ маселесин талкуулай коюуну каалады эле, “көк бет” депутаттар ага көнүшпөдү. Беш депутаттын талабынан кийин гана спикер өкмөт башчыны чакыруу сунушун добушка коюп, ал көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынды. Мына ушундан кийин гана Сапар Исаков эл өкүлдөрүнүн алдына келди.

Бул жыйында депутаттардын дээрлик бардыгы сүйлөдү, ал турмак оңойчулук менен унчукпагандардан да үн чыгып кетти. Кыязы, эл өкүлдөрү деле шаардын жылуулуксуз калганынан жапа чегишкен окшойт.

ххх

Сапар Исаков түзүлгөн кырдаалдагы жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди.

“Мен дагы араң турам, баарын “жестко” кылып салайын дейм…”, – деген премьер ич күптүсүн сыртка чыгарды. Ал суук күндөрү суук үйдө калган бишкектиктерден кечирим сурады.

ххх

Депутат Азамат Арапбаев  күнөөнү парламенттин моюнуна илип койду. Илгени курусун, анын артынан тариф маселесин айтып, жыландын учун кылтыйтты.

“Күнөө бизде. Бул жара кечээ эле пайда боло койгон жок. Мындай абалдын жаралышына жылуулук тарифинин арзандыгы да себеп болду.  ЖЭБдеги каржылык жетишпестик  катастрофаны пайда кылды. Биринчи маалыматты угалы,  анан өкмөттүн отставкасы тууралуу айталы”,- деди.

ххх

Депутат Акылбек Жапаров ЖЭБди модернизациялаган  кытай компаниясы менен келишимдин ратификациясын депутаттар кабыл алганын эске салып, демек, парламенттин да жоопкерчилиги  бардыгын белгиледи.

ххх

Сапар Исаков ЖЭБдеги кырдаалды так түшүндүрүп бере албады. Депутаттар өкмөт башчынын кечирим суроо менен эле чектелип, кырдаалга так аныктама бере албаганына нааразы болушту. Алар Сапар Исаковдун бул иште жоопкерчиликти алышын каалашты.

ххх

Айрым депутаттар биринчи  вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди коргошуп, ал кышка даярдык учурунда бул кызматта отурбагандыктан, азыркы кырдаалга жооп бербейт деп табышты.

ххх

Бишкек ЖЭБи былтыр август айында эле оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ага 386 млн доллар сарпталган. Белгилей кетсек, бул сумманын баары модернизациялоону ишке ашырган кытай компаниясына төлөнүп берилген эмес. Жарымы карыз болуп Кыргызстандын моюнунда илинип турат. Ошол 386 млн доллардын эсебин таба албай депутаттардын эси ооду. Ар бир экинчи депутаттын микрофон күйгөндөгү биринчи суроосу: “386 млн доллар кайда кеткен?” болду.

Депутаттар Бишкек ЖЭБин кытай компаниясы ТВЕА тарабынан 386 млн долларга кандайча модернизацияланганын депутаттык комиссия түзүп дыкат иликтөө керек дешти.

Спикер Дастан Жумабеков: “Алгач өкмөттүн отчетун угуп көрөлү, ал көңүлүбүзгө жакпаса анда комиссия түзөбүз”,- деп оолуккан кесиптештерин токтотконго аракеттенди.

ххх

Депутат Талант Мамытов шаар тургундары ашыкча чыгымга учураганына токтолду.

“Шаардыктар ЖЭБди сотко беришсе, утуп чыгышат. Андан көрө алдын алып, чыгымдардын ордун толтуруп берүү керек”,- деди.

Сапар Исаков эл өкүлдөрүн авариядан жабыр тарткан шаар тургундарына келтирилген чыгымдарды иликтеп чыгып, алардын чыгымдарынын ордун толтуруу жаатында жана күнөөлүү кызмат адамдарына карата тиешелүү чаралар көрүлө турганына ишендирди.

ххх

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөт башчысын жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып, айрым аткаминерлерди калкалап калбай, аларды жоопкерчиликке тартууга чакырды.

ххх

Депутат Руслан Казакбаев премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгында иштегенине аз убакыт болсо да, авариядагы жоопкерчиликти моюнуна алганын баалады.

“Кырсыктын болушуна менин да күнөөм бар деп канча тийиштүү жетекчи сизге арыз жазды?” – деп сурады Исаковдон.

Сапар Исаков иштен кетүү боюнча бир гана арыз жазылганын айтты.

“Ал киши менин жанымда отурат. Айбек Калиев гана арыз жазды. Бирок мен анын арызын кабыл албадым. Анткени, анын  күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай аракет көрүп жатканын көрүп атам. Бирок, ал кишини актай да албайм, кырсыктын болушуна албетте, анын да күнөөсү бар”,- деди премьер-министр.

ххх

“Бул системалуу кадрдык кризистин белгиси деп ойлойм. Электр станциясы, ЖЭБ – алардын жетекчилери арыз жазбаса, анда бул абийирдин, ар намыстын, кайдыгерликтин маселеси”,- деди Руслан Казакбаев.

Ал ошондой эле УКМКнын өкүлүнө суроо берип, коопсуздук кызматынын иликтөөлөрү канчалык натыйжа бергенин, айыптуулар табылган-табылбаганы тууралуу сурады.

“Кылмыштын белгиси барбы?”,- деди депутат.

“Шалакылыктын белгиси бар. Азыр баары териштирүүнүн алкагында”,- деп жооп берди УКМКнын өкүлү.

ххх

“Жаӊы өкмөт башчылыкка дайындалганымда Айбек Калиевди чакырып, кандай иштерди жасадыӊар, кандай пландар бар деп сурагам. Мага келечеги бар, жакшы планды көрсөтүшкөн. Ушундай кырдаалда энергетиктерди мактабайм, мактоого себеп да жок, бирок, ошондогу план жакшы болчу”,- деди Исаков.

Мындан улам депутат Акылбек Жапаров премьер-министрге:

“Мындай команда менен эми кантип иштешесиз? Алар сизди «кышка даярдык укмуш» деп алдашты да. ЖЭБди шаарга бериӊиз, шаардан Саламаттыкты сактоону да алдыӊыз. Маанилүү обьект болгондон кийин тийиштүү тарап ЖЭБге насосту сатып берип коюшса болмок экен. Энергохолдинг түзүлгөн бойдон чала жан калды. Аны алдыга чыгара аласызбы? Карыздардан кутула аласызбы? Бул иштерди бир-эки айдын ичинде жасап бүтө аласызбы?”, – деп толтура суроолорду берип өкмөт башчынын башын тегеретип койду.

ххх

Акырындык менен Айбек Калиевдин маянасы да, кайнатасы да тууралуу суроолор бериле баштады. Депутат Аида Касымалиева Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевдин  бир айлык тапкан маянасы канча экенине кызыкты.

Айбек Калиевдин айтымында, ал айына 39 миӊ сом алат. Ал эми Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айлык маянасы 27 миӊди түзөт. Ал эми жылытуучу цехте иштеген катардагы адистер 16-17 миӊ сом алышат.

Депутат Данияр Аттокуровго болсо Калиевдин кайнатасы кызык болду. Болгондо да эл өкүлү энергохолдингдин жетекчисинен “Кайнатаңыз кайда иштейт?”- деп сурабай, тымызын гана:

“Тынаев Айдар Асанович сизге ким болот?”- деп сурады. Сыягы, “кайнатам” деген сөздү жетекчинин өз оозунан угууну каалады көрүнөт.

Калиев бул киши кайнатасы болоорун, ал Ысык-Көл электр тармактары ишканасын он жылдан бери жетектей турганын айтты.

ххх

Исаков суукта канча адам жылуулуксуз калганын билбей какалды. Дагы жакшы жанында Бишкек мэри Албек Ибраимов отурган экен, өкмөт башчыны куткарып кетти.

“Борбор калаада 2 162 үй жылуулуксуз калды”,- деди Ибраимов.

ххх

Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айтымында, авария эки насос башка тийиштүү жабдыктар талап кылган кубаттуулукту бере албай калганы үчүн болгон. Депутаттардын бири “анда насосту соттойлу” деди, жетекчи, адистердин арасынан айыптууну таба албай айласы кеткенде.

ххх

Депутаттар ЖЭБди талкуулай берип чарчашты. Биринчилерден болуп Бекешевдин чыдамы түгөндү. Мындан улам Рыскелди  Момбеков менен Дастан Бекешев бири бирине ызырынып алышты.

Дастан Бекешев кечке дейре Бишкек ЖЭБиндеги аварияны талкуулай бергендиктен башы ооруп кеттиби, талкууну токтотууну сунуштады. Ал суроолор кайра кайталана баштаганын айтып, фракциялардын бирден-экинден өкүлүнө гана сөз берүү зарылдыгын белгиледи.

Бул депутат Рыскелди Момбековго жакпады.

“Кимдир бирөөнү жактабай эле коюӊуз! Шашып атсаӊыз жылуу кабинетиӊизге бара бериӊиз.  Же Сапар Исаков качып кетет бекен? Биз жуурканга жамынып, алты күн күттүк. А сиз болсо суроолорду токтоткула дейсиз?!” – деп кыйкырды Бекешевге. Ал кесиптешин “дежур” деп да атап алды.

“Бул жерде дежур депутаттар жок. Сизге керек учурда сиз дагы качасыз! Суроолор ЖЭБге эмес, жалпы энергия тармагына тийиштүү боло баштады”,- деди Бекешев.

Жалпысынан  талкууга 76 депутат жазылган болсо, Бекешев чарчаган саатта анын 24үнө гана сөз тийген эле.

ххх

Сапар Исаков Ала-Арча суунун ашып жатканын айтып, окуя болгон жерге баруу үчүн депутаттардан кетүүгө уруксат сурады. Айрым депутаттар өкмөт башчысын дагы бир сааттай алып отурууну каалады. Спикер да өкмөт башчыга кошулуп, депутаттардан жооп берүүнү  сурангандыктан, Исаков “эркиндикке” чыкты.

Бул жыйында суроолор көп, жооптор да көп болду. Бирок, жыйын аяктагандан кийин аны баштан-аяк көрүп отурган адам “кандай жыйынтык чыкты?” – деген суроого жооп табышы күмөн. Кыскасы, чырлуу маселелерди талкуулаган  жыйындардын уландысы катары гана эсте калды. Бирин-серин гана депутаттар болбосо, Жогорку Кеңештин депутаттары Сапар Исаковдун алдында “бүжүрөп”, коркуп олтуруп бергени эмнени белгиси? Эгерде өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө өкмөттүн айынан мындай ири чатак чыкчу болсо, талкуулабай туруп отставкага айдашмак. А “биздин күнкарама” депутаттар өз көлөкөсүнөн өздөрү коркуп олтурушат. Мына, парламентти таркатууга дагы бир аргумент!

Жалпы жонунан:

Депутаттар ЖЭБдеги авариянын пайда болушунун себептерин аныктоого өкмөткө бир катар тапшырма беришти;

Тийиштүү аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышты;

ЖЭБдин модернизацияланбаган экинчи эски бөлүгүн да жаңылоо керек дешти;

Акыр аягында  ЖЭБдеги авариянын келип чыгышын жана 386 млн доллардын сарпталышын  иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүштү.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: Майдан.kg

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады