Мырзакматовдун шыйпаңдаган фокусу бийликке өтөбү?

Өзүн Ош шаарынын кожоюну сезип эч кимди көзүнө илбей дөөгүрсүгөн текеберлигинин кесепетин тартып, учурда кылмыш жоопкерчилигинен качып, чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мелис Мырзакматов куйтулана баштады. Башкача айтканда, «президент Сооронбай Жээнбеков Мелис Мырзакматовго кечирим берип, өзүнө таяныч, жөлөк катары Кыргызстанга алып келип кызматка коюшу керек» деген өңдүү жылжыткан маалыматтарды тараттырууда. Мындай амалы аркылуу дале болсо өзүн жогору коюп, мурдун көтөргөн адаты калбаганын туйдурууда. Ош шаарынын мэри болуп турганда Ош облусунун ошол кездеги жетекчиси Сооронбай Жээнбековду теңсинбей дердейген кезин унутуп, шыйпаңдап жатканы намысы жоктугун айгинелерин өзү андабай жатканы кызык… Анан кайсы арына мурдун көтөрөт?…

Булак: «Фабула»

1 ой-пикир

  • Адилет says:

    Фабула озу шыйпандап Президентке жасакерленип жаткандай. Ар бир четте жургон кыргыз оз жерине келгиси келет ошондуктан Мелис дагы кайрылса керек. Дагы, Кыргызстанда Мелистей жанын уроп шаар учун иштеген патриот 20 жигит болсо мамлекет бутуна турмак. Жаман ушакчы аялдардай болбой жазсанар чындыкты жазгыла болбосо элдин жинине тийбегиле. Мамлекет кичине ,эл силерден жакшы билет кто чем дышить. Кыйын кезенде биригип мамлекет тушкон саздан чыгарууга аракет кылуунун ордуна иштей турган жигиттерди тепкилейсинер. Ушинтип журуп жок болуп бутмок болдук. Деги кок мээ, ач коз, ынтымагы жок, акмак эл экенбиз. Силердейден бешоо болсо душмандын кереги жок кыргыз элине. “Оз агасын агалай албаган киши аласын сагалайт”. Кытай, араб,орус учоонун аласын сагалай бергиле!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *