Надира Нарматова, экс-депутат: “Президенттике талапкерлердин таза кыргыз экенинен шекшинип, жети атасын, уруусун сүрүштүрүү – акмакчылык!”

– Надира эже, президенттикке аттангандарды мактоо эле эмес, каралоо да орун алып, тегин аныктаган модага айланып кетти. Бул нерсе кимдир бирөөлөр үчүн пайдалуубу же талапкерди элге жаман көрсөтүүнүн аргасыз жолубу? 

– Туура айтасың, күн санап президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин саны өсүп жатат. Бүгүнкү күндө алардын саны он бештен ашты. Дагы бир айга жакын убакыт бар. Канчасы чындап шайлоого аттанат, канчасы артка чегинет, аны убакыт көрсөтөт. Президент боло турган дарамети бары, жогу деле чочугандай өз талапкерлигин сунуштап жатышат. Балким, алардын да билгени бардыр. Президенттик шайлоого катышып, талапкерлигин коюуга Конституция жол берип жаткандан кийин аларга эч ким тыюу салбайт. Болгону ошол адамдар мыйзамдын алкагында талапкерлерге коюлган талаптарды аткара алабы, маселе ошондо. Анткени, коюлган талаптарды аткарууга бардыгынын эле мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн. Арасында өмүр бою талапкер болуп, президенттик шайлоого катышкандан көңүлү калбагандар да жүрөт. Алар өзүнө өзү баа бергенден мурун элдин баасы менен эсептешишсе болмок. Айтайын дегеним, президенттик кызмат он адамга бригадир болгондой же  айыл өкмөттүн иши эмес.

Ошондуктан бул нерсе терең карап, татыктуусуна гана добуш бере турган маселе. Чынында Конституцияда  президент болгусу келгендерге үч эле талап коюлган. 15 жылдан кем эмес өлкөдө жашап, ким экендигине жана кайсы улуттан экендигине карабастан, президенттикке талапкерлигин сунуштоого укуктуу деген максатта баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилет. Тилекке каршы, кийинки күндөрдө талапкерлердин уруусуна, жети атасына, канында кайсы улуттун каны бар экендигине, атасы, энеси кайсы улуттан экендигин териштирген, терс көрүнүштөр пайда болгону өтө өкүнүчтүү. Бул нерсеге азыртан чара көрбөсөк, жакшылыка алып келбейт. Айтайын дегеним, бул терс көрүнүш биригүүгө, ынтымакка чакырбай эле ажырымдын күчөшүнө, тынчтыктын бузулушуна, бөлүнүп,  жарылуунун жаңы формасынын келип чыгышына жана кыргыздын баш көтөрүп чыккан, бычакка сап балдарын аброюуна шек келтирген окуялардын жаралышына, алардын коомго болгон иренжиген, пессимисттик көз  арашынын күчөшүнө, патриоттук сезимдердин солгундап, кол шилтеп басып кетүүсүнө шарт түзөт. Уруусун сүрүштүрүп, жети атасын териштиргенден кыргыз тагдыр чечээр мезгилде пайда таппайт. Тилекке каршы, көп нерсени уттурат. Мен ушул нерсени карасанатайлык иш катары баалайм. Айтайын дегеним, бүгүнкү күндө ар тараптан такшалган, элди ээрчите алган, ички духу бар, чыныгы элдик лидер керекпи же ата жотосу, кайсы уруудан, жети атасы керекпи? Чындыгында мына ушундай нерседен өйдө боло албай майдаланып баратканыбыз өкүндүрөт. Бул терс көрүнүшкө чекит койбосок, атаандаштарын мына ушундай жол менен жаман көрсөтүп, ийгилике жетишем  деген кыска ойлуулар же алсыздардын күчтүүлөргө карата жасаган ыплас иштери мамлекеттин бекемдигине терс  таасирин тийгизишет. Менин күйгөнүм өмүр боюу кыргыз болуп жүрүп эле президенттикке талапкер болсо эле же талапкер болом деп турганда “таза кыргыз эмес” деп жети атасын, уруусун сүрүштүрүү бул акмакчылык. Болбосо, Конституцияны өзгөртүп, президенттикке аттанчуларга жазылган үч талапка төртүнчү талап кылып кошуп коюшсун. “Жети атасы жана энеси суу кошулбаган кыргыз болсун. Бул уруудан гана президент болсун”- деп. Мен президенттикке аттангандарды тизмектебей эле койоюн. Эч кимиси соо калган жок. Жарактуулардын баарын эле жаманатты кылышты. Жээнбеков-калмак, Текебаевдин энеси-уйгур, Бабановдун энеси-күрд, Төрөбаевдин энеси-өзбек, Келдибеков-уйгур, Сариев-калмак жана башка ушул сыяктуу. Ушундай кантип болсун? Ошондуктан ушундай  сөздөрдү чыгаргандарга, туура эмес маалымат тараткандарга катуу жаза колдонбосок, бул нерсенин түбү жакшылыкка алып келбейт.

-Президенттикке аттангандардын бири Бакыт Төрөбаев “ашыкча чыгымды жок кылам, кортеж менен жүрбөй  жөнөкөй президент болом” десе, Өмүрбек Бабанов “кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кошом” деди. Ишенсек болобу? 

– Бакыт Төрөбаевдин президенттин күнүмдүк жашоосундагы турмуш-тиричилик (бытовой) багытындагы жеңилдиктерден “баш тартам” дегенин жеке мен туура көргөн жокмун. Анткени, журт башы – журт башчыдай эле болгону жакшы. Анча-мынча элементардык этикага туура келбеген жактарын иреттеп койсо болор. Бул Конситуциянын, мыйзамдардын талабы. Мамлекеттин жетекчисинин коопсуздугу деген нерсе сакталыш керек.  Протоколдук тартип деген нерсе да сыртта калбашы керек. Кортеж менен жүрө берсин. Элге ыңгайсыздык  жаратпасын. Резиденцияны жоюп салса, чет өлкөлүк конокторду, жолугушууларды каяктан өткөрүп, каяктан тосот экен? Мамлекеттин жүзү резиденцияда. Президенттин экономдой турган башка нерселери толтура. Биздин мамлекеттин президенти сөмтүрөп, итке минип, былжырап, жүдөп какап, ар жерде жолугушуү өткөрүп жүргөнүн каалабайм. Президенттин коопсуздугуна кепилдик болсо, анан көңүлү тынч, мамлекеттин да, элдин да жоопкерчилигине кам көрүп, ой жүгүртөт. Өзүнүн коопсуздугуна кепилдик болбосо, катардагы жетекчиден  айырмасы болбосо, кантип мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртөт? Ошондуктан Төрөбаев учурдагы Жогорку Кеңешке окшобой, майда-барат нерселерге эмес, чоң өзгөрүүлөргө көңүл бурса жакшы болот эле. Айтайын дегеним, Жогорку Кеңешке келип келе электе жеңилдиктерден, жардамчылардан, машиналардан баш тартабыз деп, Бабанов баш болгон депутаттар маселе көтөрүп чыгышкан. Жыргап кетиштиби? Болгону, 30-34 квартира, 50дөн азыраак машина бар болчу. Бирден жардамчыларын жоюшту. Пайда болгон деле жок. Иш артка кетти, айрым жөнөкөй, иштей турган депутаттардын колу-бутун байлашты. Өзүңдө шарт жок болсо кайсы депутат мамлекеттин жоопкерчилигин алсын. Жогорку Кеңеш кайра артка кайта албай отурушат. Ошондуктан дүйнөлүк тажрыйбада далилденип, Конституцияда бекитилген талапты жойгонго болбойт. Кыскасы, Төрөбаевдин айтканын мен сыяктуу көпчүлүк туура көрбөй жатат.

Ал эми Бабановдун айтканын алсак… Кудай эле колдосун. Балким, өзүнүн билгени бардыр. Эгер ошондой оюн ишке ашырса, Кудай жалгасын. Аллахым колдосун. Бирок, бул 4 миллиарддан ашык карыз менен олтурган мамлекетке мүмкүн эмес го. Билбейм эми карыздарыбызды бирден өздөрүнүн каражаты менен жаап коюп, өнүгүү жолун таза барактан баштап, экономикабызды өнүктүрүүнү колго алса балким анын айтканы орундалар. Чындап эле андай болсо, алтын балык болуп эле жыргап, жетебиз деп, жете албай, өткөрүп жиберген, коммунизмде жашап калабыз  го. Кана эми оюу ишке ашып, ошондой жашоо орнотуп койсо, түбөлүк президент, журт башы кылып шайлаганга демилгечилердин баш сабында турмакмын.

– Ушул азаматтар парламенттик шайлоодо берген убадаларын аткарыштыбы? 

– Президенттикке талапкерлигин койгон Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабановдун парламенттик шайлоодо берген убадаларын кайсынысын аткарып, кайсынысын аткарбагандыгы боюнча алдыда дагы үч жыл убактылары бар.  Азырынча баа берип, териштирүүгө эртелик кылат. Эгер календардык план менен мөөнөттөрү белгиленген болсо, анда башка кеп болмок. Ошондуктан так маалыматым болбогондон кийин бул маселеге болжолдуу жооп бергим  келбейт.

– Бу сапар бийлик сүрөп, президент ишеним арткан азаматтар ийгиликке жетеби же эл арасынан чыккан азаматтар колдоого алынып кетеби?

– Азыр айтыш эртелик кылат. Убакыт бар. Алдыда төрт айга жакын убакыт турат. Али талапкерлер тандалып, каттоодон толук өтүп бүтө элек. Бюллетенге кетүүчү акыркы талапкерлердин тизмеси такталмай сайын салыштырмалуу айтуу кыйын. Себеби таларкерлердин сапаттык курамы анык болсун. Ошондо кимдин канчалык деңгээлде дарамети, коомдогу орду бар, ошого карата салыштырууга болот. Бийлик элдин арасынан чыккан лилерлерге мүмкүнчүлүк берет деп ойлогондон алысмын. Себеби, административлик ресурс эчак эле башталган. Кудай эле сактасын. Убакыт көрсөтөт. Тынч өтсө болду. Эң жаманы “бөрк ал десе баш алган” кошоматчы  жергиликтүү тармактык жетекчилерге ынсап берсин. Өзгөчө укук коргоо органдарына, саламаттыкты сактоо, элге билим берүү, бюджеттик мекемелерге жана молдо имамдарга ынсап берсин. Шайлоонун арасында мен 1980-жылдан бери жүрөм. Азыркыдай административдик, ыпластык иштерди көрбөгөнмүн. Кудай эле сактасын. Кимиси шайланса шайлансын. Элге ак эмгек кылып, калыс, кекчил, караөзгөй болбосо эле болду. Элге ак жолтой адам келсин.  Көкүрөгүндө духу бар, мекенчил адам болсун деп ниет кылып жатам.

– Аялдардан да президенттик шайлоого аттана баштады. Аялдар президент болсо, коомду өзгөртүп, мамлекетти жакшы багытка бура алабы?

– Аялдар президенттик тактыга келсе, коомду жакшы жагына өзгөртүшү мүмкүн. Тилекке каршы, азырынча талапкерлигин сунуш кылган талапкерлердин арасынан таттыктуусун көрө албай жатам. Мүмкүн дагы сунуш кылчуулар чыгып калаар. Өкүнүчтүүсү, татыктуу, бышып жетилген айымдар негедир талапкерлигин сунуштабай жатышат. Балким, каражат жагынан өксүп жатышкандыр. Аялдар бийликке келсе таза коом орношу мүмкүн. Анткени, аялдар коррупциялык иштерге көп аралашпайт. Жоопкерчилик жогору болот. Ар кандай иштин майда чоңуна карабай сергектик менен мамиле жасап, бардык нерсеге тегиз карайт. Өзгөчө социалдык маселелер системалуу иш жүзүнө ашырылышына көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн. Кыргыз айымдары башка улуттарга салыштырмалуу кайраттулук, чечкиндүүлүк, жоопкерчилик, жөндөмдүүлүк жана илим-билимге умтулгандык, өзүнүн үстүнөн иштегендик, эркиндикти сүйгөн сапаттарга ээ экендиги менен өзгөчөлөнөт. Тарыхта да кыргыз айымдары мамлекетти башкарууга жөндөмдүү экендиги тастыкталган мисалдар бар. Тилеке каршы, бүгүнкү шартка, опурталдуу саясаттын оюндарына караганда, азыр бийликке аялдар келе калат дегенден алысмын. Улуттук менталитетибиздеги феодалдык көз караштардан улам аялдарды колдой калышат деген ойдон алысмын. Бизде “үй кожоюну эркек болуш керек”- деген талап каныбызда сиңип келет. Ошондуктан “аттуу баштуу катындан, бака баштуу эр артык”- деген накыл сөзгө көпчүлүк ыктап жашайт. Колунан келбесе да башчыбыз эркек киши болсун деген максат көңүлдөрдүн борборунда жашап жаткандыгы реалдуу жашоонун чындыгы. Ошондуктан бүгүнкү коомдун абалына жараша аялдарыбызды жок дегенде парламентте, аткаруу бийлигинин жооптуу  кызматтарында, өкмөттүн мүчөлүгүндө негизги жооптуу кызматтарда аялдардын тажрыйбасын, күчүн, кайратын мамлекетибиз көбүрөөк пайдаланса деле чоң ийгиликке жетишмек. Өкүнүчтүүсү, ошону да ыраа көрүшпөйт. Статистикалык маалымат үчүн аялдар да бар дегендей саналуу гана аялдар кызматта жүрүшөт. Алар да бар жоктун ортосундагы кадрлар. Ал эми алдуу-күчтүү, тажрыйбалуу, жөндөмдүү аялзаттарын пайдаланышты колго албай жатышат. Анткени, биздин мамлекетте акыркы 25 жылдан ашык убакытта бардык маселени кадр чечет, кадрларга байланыштуу болот. “Кесипкөй адиске иштин натыйжасы көз каранды”- деген принцип унутта калып, кадр даярдап, кесипкөй адистерди кызматка тартуу маселесине эч ким баш оорутпай калган. Ошол кадр маселесиндеги көйгөйдүн кесепети өлкөдөгү айымдарга кедергисин тийгизип келет. Негизи мамлекеттик  жумуштарга канчалык аялдар көп аралашса мамлекет ошончолук утушка ээ болмок. Бирок аны каалаган жетекчи жок. Аялдар эгемендүүлүктүн мезгилинде чоң күч экендигин далилдесе да кыргыз мырзалары моюнга алгысы келбейт. Президенттик кызматты ыраа көрмөк түгүл, Отунбаева Роза Исаковнаны Президенттик тактыда олтуруп калышын, ал учурдун муктаждыгына жараша чечилип калган көрүнүш катары баалап койсок да болот.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *