Нарбото Анарбаев, режиссер: “Агентурист” кыргыз киносундагы алгачкы криминалдык экшн тасма

Кыргыз киносунда жандануу башталганын жарыша экран жүзүн көрүп келе жаткан тасмалардан байкоого болот. Элдин суроо талабы комедия багытына жакшы бурулгандыктан аталган жанрда көптөгөн тасмалар жаралууда. Ал эми көпчүлүк күткөн криминал жанрында жакында алгачкылардан болуп «Агентурист» криминалдык драмасынын бет ачаары болгону турат. Тасма тууралуу аталган фильмдин режиссеру жана продюсери Нарбото Анарбаев менен болгон маектен кенен маалымат аласыз деген үмүттөбүз.

—Нарбото, сени буга чейин бир нече тасмалардан көргөнбүз…

—Ооба, өзүм театр жана кино актерумун. Бул күнгө чейин 3 кинодо башкы ролдо ойногом: «Миллионердин сүйүүсү», «Төңкөрүш» жана «Селкинчек». Мындан тышкары театрда спектаклде ойноп жүрөм, ошондой эле 7-8 кинодо эпизоддук ролдорум бар жана Москва шаарында «Легенда о Коловрате» тасмасында каскадер-актёр болуп жана башка кинолордо иштедим.

—Өзүң жетекчилик кылып жаткан жакында бет ачаары боло турган «Агентурист» тасмасы тууралуу айтып берсең?

—Бул тасма коммерциалык көркөм тасма болмокчу. «Агентурист» тасмасы милициянын полковниги ардагер Маматибраим Самиевдин «Агенттурист» деген китебинен тартылды.

—Тасманын жанры кандай жана азыркы тасмалардан өзгөчөлүгү эмнеде?

—Жанры криминалдык экшн. Акыркы тартылып жаткан кинолордун басымдуу бөлүгү комедия болуп келсе бул тасма алгачкы жолу жаңылык катарында криминалдык драма, экшн десем болот. Экшн дегендей тасмада курч окуялар камтылып, каскадерлук өнөр байма-бай көрсөтүлөт.

—Тасманын көрүүчүлөргө берейин деген ою кандай?

—Тасмада милиция кызматкерлеринин күнүмдук турмуштагы чыныгы жашоосу, кылмыштар менен аёосуз күрөшүүсү, ошондой эле жеңил, арам жол менен тамак табууну тыюу сыяктуу идея камтылган.

—Тартуу учурунда кандай кызыктуу окуялар болду?

—Күндө эле кызыктуу окуялар болуп жатты. Өзүм тасманын продюсери жана режиссеру болгондуктан башымдан көп нерсе өттү. Негизинен башкы ролдордо алты негизги актер бар болчу. Ошолордун бири лейтенанттардын бирин ойногон актер Бишкек шаарындагы Арсен Өмүралиев атындагы драм театрда иштейт. 5 эпизод тартылгандан соң актер Нарбай Имаш мен Турцияга кетмекмин, визам даяр болуп калыптыр деп калды. Тартыла элек дагы 12 эпизод калган. Анан 2 жарым күн убакыт сурап, командабыз менен болгон күч аракетти жумшап, күнү-түнү уктабай калган эпизоддорду тартып жетишүүгө үлгүргөнү аракет кылдык. Анан дагы башка актердун көпүрөдөн жүрүп бараткан фуранын үстүнө секирип анан кабинага түшкөн жери бар болчу. Актерубуз көпүрөдөн фурага секирип, ролдун кызыгына кирип, фурадан жерге секирип ийип бутун оорутуп алды. Анан актерубуздун буту жакшы болгончо съемканы токтотуп, күтүп, чуркаганга жарап калганда кайра тартуу иштерин баштаганбыз.

—Актердук состав тууралуу айта кетсең?

—Эки полковниктин бирин Азиз Мурадиллаев ойносо, Эдил Бакаев экинчи полковниктин ролунда, мындан тышкары Тимур Маматкулов, Мурат Сатаров, Нарбай Имаш, Омар Акматалиев жана Диана Алмазбекова деген кыз ойнойт. Негизги актердук курам ушулар.

—Тасма кеткен чыгымын актайт деп ойлойсуңбу?

—Буюрса актайт деп ойлойм. Себеби тасма кыргыз киносуна жаңы багытты киргизүүдө. Криминалдык драма, экшн жанрын кыргыз кино сүйүүчүлөрү көптөн бери күтүп атышса керек, мындай тасма көп убакыттан бери чыга элек болчу. Азыр трейлерин бергенде эле көрүүчүлөр жакшы кабыл алып жатат. Жогорку деңгээлдеги, кызыктуу тасма жаралды деп ойлойм. Калганын көрүүчүлөр таразалайт.

Назгул Исакова

Булак:  De – Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *