Нарын менен  Ысык-Көл облусу “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын алуусу күтүлүүдө…

Кыргызстандагы Нарын жана Ысык-Көл облусуна “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын берүү үчүн Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы бүгүн (22-октябрда) билдирди.

Алардын айтымында, комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет. Учурда Ысык-Көл облусу «Боз үй шаары» жана Нарын облусу «Кийизден жасалган шаар» наамына көрсөтүлүүдө, мунун жыйынтыгы менен эки облус макам алуусу ыктымал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *