Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Жунусова Каныкей Мухаммедовна Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди.

Жунусова Каныкей Мухаммедовна 1974-жылы туулган. Билими жогорку. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.

Ал, 1998-2005-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында диктор, 2005-2013 -жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы болуп иштеген. Ал эми, 2013-жылдан баштап, “Ала-Тоо 24” каналынын жооптуу чыгаруучу редактору болуп иштеп келе жаткан.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *