Нарын шаарынын жаңы мэри Нурбек Молдокадыровду мурдагы мэр Эмилбек Алымкулов ордуна отургузду

Бүгүн, 14-октябрда Нарын шаарына жаңы шайланган мэр Нурбек Молдокадыров кызматына киришти. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчылар жазып чыкты.

Алардын айтымында, Нарын облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нурбек Молдокадыровду креслого отургузуп, жалпы жамаатка тааныштырып, күбөлүк тапшырып, ишине ийгилик каалаган.

Эске сала кетсек, Нарын шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри, Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров 1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп шайланган. Ал эми мурунку мэр Эмилбек Алымкулов 6-сентябрда, Нарын облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Мурдагы губернатор Аманбай Кайыпов 2-сентябрда Солтон-Сары кени жана контейнер-мектеп чырынан кийин кызматтан кеткен. Бирок, кызматтан кур калган жок, Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалган

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *