Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Нарынбек Молдобаев: «Эгерде президент өзүнүн жарлыгы менен шайлоонун күнүн белгилебесе, анда БШК өзү белгилеши керек»
САЯСАТ

Нарынбек Молдобаев: “Эгерде президент өзүнүн жарлыгы менен шайлоонун күнүн белгилебесе, анда БШК өзү белгилеши керек”

Шайлоонун датасы 20-октябрда жарыяланып, шайлоо 20-декабрда өтөт деп пландаштырылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда экс-депутат Нарынбек Молдобаев “Укуктук таалага кантип кайтабыз?” аттуу Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлдө билдирди.

“Эгерде президент өзүнүн жарлыгы менен шайлоонун күнүн белгилебесе, анда БШК өзү белгилеши керек” деди ал.

Эгерде мурун, Молдобаевдин айтымында, үгүт иштерине бир ай убакыт берилсе, эми алар 20 күн беришет.

Буга чейин БШК кайрадан шайлоонун күнүн 6-ноябрга чейин жарыялай турганы маалымдалган.

5 жылда 4 миллиарддай сом “жеген” парламент эмнени кыйратты?

Кадыров чечен полициясына эскертүүсүз ок чыгарууга уруксат берди

“Шералынын чокою”