Нарында 120 балбан башкы байге – автоунаа үчүн күрөшүп жатат

Нарында эркин күрөш боюнча республикалык турнир өтүүдө. Башкы калыс Рысбек Мамышевдин айтымында өлкөбүдүн бардык региондорунан 18 жаштан жогору 120 балбан келген. Алар 10 салмак категориясында күрөшөт. Турнирдин ачылышына Нарын облусундагы өкмөт өкүлү Эмилбек Алымкулов, мэр Нурбек Молдокадыров, шаар кеңештин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, ветерандар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Мелис Турганбаев жана башка спортчулар катышты. Турнир эки күнгө созулат. Аягында дипломдор, медалдар, акчалай сыйлыктар берилет. Баш байге – автомобиль.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *