Нарында дайынсыз жоголуп кеткен жаран изделүүдө

Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Үмөт тилкесинде токойчу Ж. Абдрасулов (Таш-Башат айылынын тургуну) 2017-жылдын 3 октябрынан бери дайынсыз жоголгон. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондон бери издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. 2017-жылдын 9-октябры күнү КР ӨКМнин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Нарын шаарынан Нарын суусун бойлой 80 чакырым аралыкка чейин издешип, жыйынтык чыккан эмес. Издөө иштери бүгүн дагы улантылууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *