Насыя бергендер 1,5 миллион сом жеп коюшкан

Каракол шаардык прокуратурасы мамлекеттик “Ишкер” микрокредиттик агенттигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ысык-Көлдөгү “Ишкер” микрокредиттик агенттигине мамлекеттен жарандарга насыя берүү үчүн которулган 1 млн. 545 миң 620 сомду мекеменин кызматкерлери өздөрүнө маяна ката­ры жаздырып алышкан. Жобо боюнча, агенттиктин кызматкерлери насыяга берилген акчанын туумун гана алышы керек болчу. Кызматкерлер мындай көлөмдөгү акчаны 2008-2016-жылдар аралыгында колдонушкан. Ишти Ысык-Көл облусттук прокуратурасы тергеп жатат.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *