Назарбаев Астанада Бердымухамедовдун уулу менен жолукту

15-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада Түркмөнстан межлисинин комитет төрагасы, өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов менен жолукту.

Ал Астанага Түркмөнстан парламентинин төрагасы Акжа Нурбердыев баштаган делегациянын курамында барган.

Казакстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Назарбаев Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу диалогду бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде казак лидерине Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «жеке кайрылуусу» тапшырылды.

15-мартта Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Астанадагы консультативдик жолугушуусунун алдында Назарбаев Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

Түркмөнстан парламентин 2007-жылдан бери башкарып келаткан Акжа Нурбердиев менен Назарбаев жолуккан эмес.

36 жаштагы Сердар Бердымухамедов 25-мартта өтө турган Түркмөнстандагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *