Назарбаевди сындап өткөн Серикболсындин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 3-январда Казакстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер Серикболсын Абдилдиндин сөөгү Алматыдагы “Кенсай – 2” көрүстөнүндө жерге берилди. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, Серикболсын Абдилдинди акыркы сапарга узатуу иш-чара Казак мамлекеттик филармониясында өткөн. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер, оппозиция саясатчылары, шаардык бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары катышып, сөз сүйлөп, маркум мыкты, үлгүлүү саясатчы катары элдин эсинде калганын баса белгилешкен.

Абдилдин Серикболсын 82 жашында жаңы жылга караган түнү, 31-декабрда көз жумган. Ал 1991-1993-жылдары Казакстандын Жогорку Советинин төрагасы болгон. 1990-жылы оппозицияга өтүп, Казакстандын Коммунисттик партиясын жетектеп турган. 1999-жылы  президенттик шайлоодо ат салышып, экинчи орунга ээ болгон. Шайлоодо утуп чыккан атаандашы Нурсултан Назарбаевди “бийликти узурпация кылып алды”,-деп сындап чыккан жана ага чейин деле сындап келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *