Назарбаевдин небереси Британиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинен 1,5 млн фунт төлөп берүүнү талап кылууда

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси жана башка жоопкерлер Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттигинен (NCA) 1,5 миллион фунт серлинг (1,85 миллион доллар) чыгымды кайтарып берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Талап Нурали Алиев жана анын апасы Дарига Назарбаева жеңип чыккан сот ишине байланыштуу.

Быйыл 8-апрелде Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарай менен бир батирге байланыштуу үч ордерди четке каккан. Соттун токтомунда далилдер жетишсиз экени айтылган.

Алиевдин өкүлү Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин бардык материалдары божомолдорго негизделгенин жана далилдердин көбү тастыкталбаган ачык булактардан алынганын айтты.

Reuters агенттикке доомат арткандардын арасында Назарбаева бар-жогун тактаган эмес.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттик буга жооп кайтара элек.

Март айында аталган агенттик Лондондогу үйлөр Нуралинин атасы жана Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин «мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына алынганын» жүйө келтирип, хансарайлар кайсы акчага келгенин түшүндүрүп берүүнү талап кылган үч ордер чыгарган.

Лондондогу сотто Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн адвокаттары бардык дооматтарды четке кагышып, Дарига Назарбаеванын жеке өзүнүн мындай кыймылсыз мүлктү сатып алууга кудурети жетерин жүйө келтиришкен.

Британияда 2018-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, эгер кожоюн кандайдыр бир байлыгын мыйзамдуу тапканын далилдей албаса, андан ажырап калышы мүмкүн.

56 жаштагы Дарига Назарбаева — былтыр атасы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин, Сенатынын спикери болуп шайланып, өлкөдөгү экинчи расмий адамга айланган. Өткөн айда ал президент Касым-Жомарт Токаевдин жарыгы менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон.

Нурали Алиев — Дарига Назарбаева жана анын мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин улуу баласы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *