Назгүл Каарова, дизайнер: Европа мода дүйнөсүнө кыргыз кийимдерин тартууладым

Акыркы мезгилдерде кыргыздын нукура колоритиндеги улуттук кийимдер түрлөп чыгууда. Бирок ошол кийимдердин арасынан өзгөчөлөнүп, автордук ээн, мөөрү бар коллекциялар аз эле. Сапаты, дизайны жана оригиналдуулугу менен «КЕШТЕ» мода үйүнөн чыккан кийимдерди сыймыктануу менен атасак жарашат. Бүгүн аталган мода үйүнүн негиздөөчүсү Назгүл Каарова менен болгон жылуу маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.

—Назгүл айым, маегибизди жакында моданын так чордону болгон Италиянын Милан шаарына болгон сапарыңыздан баштасак. Кандай барып келдиңиз?

—Туура айтасыз, мода дүйнөсүнүн жана атактуу бренддердин мекени Милан шаары экен. Италияда өткөн көргөзмөгө катышып, кыргыздын улуттук кийимдер коллекциясын тартуулап келдик. Баргандан тартып Милан мени аябай таасирлентти. Кадам сайын саркеч кийимдер дүкөндөрү жайгашыптыр. Кыргыздын кийимдерин дагы ушундай жогорку деңгээлге алып чыгам деп өзүмө максат койдум. Миланга болгон сапар өтө жемиштүү болду. Өзүмө сабак алдым. Коллекцияларымды дүйнөлүк дизайнерлердин сынына тартуулап, кыялымды орундаттым десем болот. Бул мода жумалыгынан эбегейсиз тажрыйба алып, өстүм. Мода жумалыгынан соң кийимдерге башкача көз караш менен карап калдым.

—Иш-чара тууралуу айта кетсеңиз?

—Милан шаарында негизи жылына 2 ирет мода жумалыгы өтөт: жаз-ай жана күз-кыш. Дизайнерлер жана атактуу бренддер өз коллекцияларын алдын ала сунушташат. Мода эксперттери, байерлер аркылуу сезонго жараша саркеч кийимдердин үлгүсүн тандап алышып, быйыл кандай мода болоорун чечишип, фабрикаларга багыт беришет. «MAD MOOD Milamo Fashion WEEK 2018-2019» деген аталыштагы көргөзмө 3 күнгө созулуп, дүйнөнүн атактуу дизайнерлери катышышты. Кыргызстандан биринчи жолу биз катышып, кыргыздын улуттук кийимдерин жаңы көз караш менен тартууладык. Биздин коллекция баарына жагып, өзгөчө колдоо тапты. Францияда, Сербияда өтчүмодажумалыгына чакыруу сунушун алдым.

—Чет элдик мода эксперттери кыргыз кийимдер коллекциясын кандай кабыл алышты?

—Биздин оюм-чийимдер алар үчүн өзгөчө экзотика, албетте аларда кызыгууну жаратат. Көргөзмөдөн соң Европарыногуна, алардын табитине ылайыкташтырып биздин колоритти алып чыгууну ойлоп келдим. Ал үчүн көп-көп мода жумалыктарына катышып, алардын көңүлүн биздин стилге буруу керек.

—Буга чейин да чет өлкөдө өткөн көргөзмөдөргө катыштыныз беле?

—Буга чейин Казакстанда дүйнөлүк деңгээлде өткөн «Аspara Fashion Week» мода көргөзмөсүн дө эң жогорку деңгээлде коллекциябызды сунуштаганбыз. Ал жактан дүйнөлүк көргөзмөлөрдү уюштурган Кааси Стефанов бизди Миланда өтчү көргөзмөгө чакырды. Учурдан пайдаланып биздин сапарга демөөрчу болгон «Исмайыл Ата» фондуна жана тил боюнча, иш кагаздары жагынан жардам көрсөткөн Гүлнара Мухамедова эжебизге өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан тышкары Италиядагы мекендештеримдин колдоосуна өтө чоң рахмат. Бул биздин Европага алгачкы сапарыбыз болду.

—«КЕШТЕ» мода үйүн жетектеп келе жатасыз, ушул тууралуу айта кетсеңиз?

—2014-жылдан тарта «КЕШТЕ» мода үйү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. «КЕШТЕ» мода үйүн негиздеп жатканда кыргыздын улуттук колориттеги кийимдерин дүйнөлүк деңгээлге көтөрөм деп максат койгом. Буюрса биринчи баскычын басып өттүк. Аталган мода үйүнөн жаралып жаткан кийимдер идеалдуу деп айтуудан алысмын. Биз мындан ары да дүйнөлүк мода рыногуна чыгуу үчүн талыкпай изденишибиз, үйрөнүшүбүз керек. Коллекцияларыбызга жаңычылдык киргизүү пландар бар. Биздин бренддин негизги фишкасы кийимдердин кештеленгендиги. Кеште мода үйүндө 8 киши команда болуп иштейбиз, баары өз ишинин чеберлери. Бизден чыккан ар бир кийим эксклюзив.

—«КЕШТЕ» мода үйүнүн кийимдерин кунумдүк турмушта да кийсе болобу?

—Эксклюзив кийимдерден бөлөк күнүмдүк турмушка кийчү кийимдер линиясы бар. Өзүбүздүн дүкөнүбүздө сатылат. Бирок кардарлаыбыз жеке буюртмалар менен көп кайрылышат, ар бир адамдын өзүнө, келбетине, табитине ыңгайлашкан кийимдерди тигебиз.

—Колдонгон кездемелер, баалары жөнүндө кошумчалай кетсениз?

—Колдонгон кездемелердин табийгыйлыгына, нукуралыгына көңүл бурабыз. Кийимдердин баалары 3 миң сомдон 50 миң сомго чейин барат. Кийимдин татаалдыгына, кездемесине жараша баалар өзгөрүп турат.

—Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

—Буюрса алдыда жеке буюртмалар менен гана эмес бренд катары атыбызды дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу максатыбыз бар, буюртмаларды сан жагынан көбөйтүп дүйнөлүк рынокко чыксак деген жакшы изги тилектер бар. Мындан тышкары оймо-чиймелерди даңазалап, саркечтикти дагы эске алып, кыргыздын улуттук кийимдерине жаңы дем берип, заманбапташтырып, күнүмдүк колдонууга киргизүү – максатым.

—Үй-булөңүз, өзуңуз тууралуу сурагым келип турат, кайсы жердин кызы болосуз?

—Кудайга шүгүр, үй-бүлөлүүмүн. 4 баланын энесимин. Жолдошума ыраазычылыгымды билдирем, ар дайым мени колдоп-коштоп келет. Өзүм дүн түпкү тегим Алайдан, Кашка-Суу айылынабарып такалат. Өзүм Ошто төрөлүп өстүм.

—Чеберчилик өнөр кимден өткөн деп ойлойсуз?

—Чоң энем кештелеп кийимдерди тикчү экен, чоң саймачы, чебер болгон. Өзүмдүн апам дагы жакшы тигет. Атам болсо геометрия мугалими, балким сызуу, конструкция түзуү атамдан өтсө керек. Бул кесипке ээ болоорумду жаштыгымда эле чечкем. 9-классты аяктагандан кийин кесиптик лицейдин тигүү бөлүмүн, кийин ОШКУнун Сервис жана дизайнерлик факультетин аяктагам. Ошол эле окуу жайда алгач мугалим болуп 3 жыл иштедим. Кийин декреттик эргүүгө чыккандан кийин ишкерлик менен алек болууну максат коюп, «КЕШТЕ» мода үйүн ачканмын.

—Маек үчүн ыраазычыдык, максаттарыңызга жетиңиз, колуңузга береке!

Назгул Исакова

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *