Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Назира Айтбекова: «Урматтуу Сооронбай Шарипович, кечирим сурайм! Кан төкпөй, учурунда кетип калганыңызга ырахмат»
САЯСАТ

Назира Айтбекова: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, кечирим сурайм! Кан төкпөй, учурунда кетип калганыңызга ырахмат”

Кечээ, 15-октябрда отставкага кеткен президент Сооронбай Жээнбеков тууралу ой-пикирин телеалыпбаруучу Назира Айтбекова Инстаграм социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында билдирди.

Ансыз да кыжалат болуп, шайлоонун жыйынтыгына шай кетип, үмүт үзүлүп, келечегибизди тарттырып алгандай зээн кейип турган. Сабакка бараткам. Аянтка бутум тартып кетти. Мени көргөн тааныштарым, энеси келген эмедей сүйүнүп, ой – боюма койбой, эки колдон көтөрүп туруп, трибунага чыгарып коюшту. Бийиктиктен корккон жаным башым тегерене түштү.

Тамада Сыймык Жапыкеев болуп жаткан экен. Шайлоодо жаштарга , жаңы партияларга боор тарткам. Берки карышкырлар бул бөлтүрүктөрдү соо койбосун билсем деле алсыздардын жанында тургум келди. Келечек ошолордон көрүнгөнсүдү. Болгон үмүтүм жаңы партияларда эле. Тамтаңдап улам биринин кеңсесине барып, биригүүсүн өтүнүп жүрдүм. Мага окшоп “Мекен үчүн бекер иштеп берем!” деген кесиптештерим бар болчу. Жаман оюмда бириктирип туруп, артынан түртмөлөсөк , өтүп кетет ” – дедим. Баары келжейип, Кыргыздын туусунан, кыргыздын намысынан партиясынын туусун бийик тутуп, аттын башындай амбициясынан кечип өтө албай коюшту. Трибунада акылыма келген алгачкы нерсе ушул болду. “Буга чейин мекен үчүн бириге албагандар, азыр бийлик үчүн биригип жатпагай эле” маанисинде сүйлөп, ынтымакка, биримдикке чакырып жаткам.

Сөзүм аяктап калганда жанымдагы “нервный тамада” кулак түпкө келип туруп “Соке кетсин деп айтпайсыңбы!” деп кыйкырды эле чочуп кетип ошол кишини кетсин дедим! Албетте кетишин менден да каалаган адам болбосо керек. Бирок даярданганга убакыт берсе, башкача формада айтат белем ким билсин! Бирок поезд өтүп, ооздон сөз чыккан соң, актанып, даттанып не кереги бар? Ал сөзүмдүн артында турдум. Турам дагы.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, жамандыр – жакшыдыр башыбызда турдуңуз. Тагдырыңызда ажолук да бар экен. Өйдө – ылдый күндөр болду. Жумшак, жоош адам экенсиз айрым учурда катуулук жетпей жатты. Кыйналган күндөрдө өзгөчө башчыбызды, Журт атасын таппай убара болдук. Бийликтен түшүп, алсыз болуп турган адамды төпөштөш адамгерчиликке жатпайт. Акыйкатсыздык болуп калат. Учурунда “Соке”, “Шариман” дедик. Жашыңызды эске алган жокпуз. Ажолугуңузга да караган жокпуз. Кечирим сурайм! Башкаларды билбейм, бирок өз атыман кечирим сурайм бүгүн! Кан төкпөй, учурунда кетип калганыңызга ырахмат. Кыргыз эли ажого , ханга жарыбай жүрөбүз”, – деп жазды Назира Айтбекова.

Сагынбек Абдрахманов көптөгөн депутаттар менен аткаминерлер КСДПдан кетип, “Биримдикке” кирип жатканы боюнча айтып берди

АКШ Түркияны Орусия менен аскердик жактан кызматташпоого чакырууда

Фото – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүп жатат