Нигерияда эки кичинекей “жанкечти” теракт жасады

Нигериянын Борно штатындагы Майдугури шаарында жети жана сегиз жаштагы эки кыз жанкечтиликке барышты. Алар шаардагы базарда жүргөндө белдерине курчалган кемер жарылып кеткен. Мунун кесепетинен кеминде эле бир адам өлүп, 18 адам жаракат алды.

Эки жарылуу дээрлик бир убакытта болгон. Би-Би-Си жергиликтүү элдик кошуун өкүлдөрүнө шилтеме берип кабарлагандай, кыздар рикша менен келип, дароо базардын ортосун аралап кетишкен. Элдик кошуундун өкүлү алар менен хауса жана англис тилинде сүйлөшүүгө аракет жасаган. Бирок кыздар кепке келбей, эл көп жүргөн жакка багыт алышкан.

Кыздарга жардыргыч зат коюлган кемерди ким курчаганы жана ал кантип жарылганы азырынча тактала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *