Ниязалы, Токтогул, Жеңижок

«Жеңижок ыр ырдап турганда мен күү эле чертейин, себеби, Жеңижоктой нөшөрлөтүп, ыр төгүш, таамай айтыш мага кайда. Ал эми Ниязалы тайкем комуз чертип, күү кайрыганда, мен комузду колго кармабайын, ыр гана ырдайын, себеби, Нияз тайкемдей мага күү чертиш кайда».

Токтогул Сатылганов

Т. Касымбеков «Кел-кел» романында Токтогулдун Жеңижокко жолукканын мындайча сүрөттөйт: «Ниязалы Токтогулду атактуу акын ырчы Жеңижок менен Шумкар-Уя (Аксыда) жайлоосунда тааныштырат. Жеңижок «Жер санатын» ырдап жатты, Токтогул бүт дитин коюп тыңшады. «Комузга жок окшойт…» деп, баам салып турду Токтогул. Салмактуу, токтоо, ырчылар үн коштой турган мукамды гана бир кайрып, көп учурда кайрыбай деле комузду өңөрүп, аны унутуп, куду жини кычап келген бакшыга окшоп, улам кызый, улам элире куюлуштуруп жатты. «Бу, — ​деди Ниязалы акырын, — ​илгеректе колун куушуруп отуруп алып эле, өзүнөн өзү буулугуп, кээде ыйлап, кээде сооронуп, көзүнө эмне көрүнсө, алдына ким келсе ошону шарылдата кошуп, сыпаттап ырдай берчү болучу… Бир мааниден бир мааниге өтөр арасында кичине демиңди алганыңа жакшы деп, бу «ырчы күүнүн» бир кайрыгын араң үйрөткөм, такыр шыгы жок, араң эле кыңгыратат… Карабайсыңбы, кайран комузду ээрдин кашына басып алганын…» Токтогул нестейип, баш ийкеп укту.

Кечинде өнөрпоздор күтүлө турган үйгө келгенде Токтогул салам айтып, жай сурап, өз жөнүн туйдура ырдап учурашты. Теңтуш Ниязалы «бу ыр пиринин эсин бир чыгарайын» деп, кымыйып карап турду. Жеңижок урушчаак бөдөнөдөй чукчуюп, тийишсе эле атырылгандай болуп, ичинен зардеси кайнап, кыя карап отуруп тыңшады. Кийгени макмал топу, ак көйнөк, жеңи жок кара камзол, сакал-муруту чертилген, арыкчырай куштай кыпыйган сыпаа.

Анын алыска угулган ырчылык даңкын, төрт санатын, ал төрт санатты буга чейин эч ким айтпаганын, мындан нары да айтса да бу кишидей эч ким айта албастыгын, «Жең акенин төрт санат, түгөнбөгөн көрк санат, төп каныгып алган оң, төтөсүнө салган оң, так үйрөнүп алган оң деп, эң акыры «ырдын пири Жең акең» деп көтөрө баалап өттү Токтогул.

Ошондо Жеңижок Токтогулга ыраазы болуп:

Нияз акең экөөбүз,

Бирибиз санат ыр менен,

Бирибиз комуз сыр менен,

Аа сенин төрт аягың жорго экен,

бизге кудай бербеген…» — ​деп ырдаган экен.

Улуу акын Токтогул айтчу экен: «Жеңижок жанымда турганда мен күү эле чертейин, себеби, Жеңижоктой нөшөрлөтүп, ыр төгүш, таамай айтыш мага кайда-а! Ал эми Нияз акем жанымда турганда мен ыр эле ырдайын, себеби, Нияз акемдей мага күү чертиш кайда-а!» деген экен. Ошондо бир досу: «Жеңижок карандай ырга кыйын болгону менен күү билбейт, Ниязалы күүгө кыйын болгону менен ыр билбейт! Ал эми сенде болсо экөө тен бар экен, бул эмне «төрт аягы тең жорго» дегендей эле кеп да» дегенде Токтогул: «Мага Кудай Таалам тигил экөөнүн өнөрүнөн аз-аздан гана берип койгон окшобойбу» деген экен.

1898-жылы «Анжиян көтөрүлүшүнө катышкансың» деген жалаа менен Токтогул Сибирге айдалып кетет. Токтогулдун өзүнүн айтуусу боюнча жети жыл сүргүндө жүрүп, туулган жерине 1905-жылдын күз айларында кайтып келген.

Токтогул Сибирден келгенде Ниязалы атайы Кетмен-Төбөгө келип учурашпаптыр. Токтогул Аксыдагы Ниязалынын үйүнө барып, эл топтолгон соң Ниязалыга таарыныч кылган өңдүү төмөндөгү ырын айткан экен:

Суудан аккан дөңгөлөк –

Ниязалы жөргөлөк,

Кысталышка келгенде

Мунун айтар сөзү ар бөлөк.

Ниязалы жөргөлөк

«Күлбү кан» деп күү айткан,

Күлдү журтту муңайткан,

«Сары барпы» күү айткан,

Сан миң элди муңайткан,

Сары алтын Аксы жерденсиң,

Сан урук саруу элденсиң,

Саргалдак Майлыбайды Таласта

«Санат күү» менен жеңгенсиң.

Болгон-Тоо, Бозбу арасы,

Борош чалдын баласы,

Болор болбос доо кылып,

Мындан болуштун кетпейт жалаасы.

Кетмен-Төбө кең жерге

Мен Сибирден келгенде

Канакей издеп барганың?

Жаш кезимден бул күнгө

Эки колум байланып,

Эч кылмышым жок туруп

Үркүткө бардым айдалып,

Катын-бала, ага-ини

Калкымда калды зарланып,

Ниеттешиң чын болсо,

Барбайт белең айланып?

Ач кадырын билеби

Айылыңда карды ток?

Досун сурап не кылат

Дилинде мүшкүл кайгы жок?

Күкүктөй таңшыйт комузуң,

Көңүлдүү чыгат добушуң,

Курдашың сага не керек

Күлпөттүү болсо конушуң?

Торгойдой сайрайт комузуң,

Токудуң жылкы торусун.

Торой чалып жыкты бейм

Токоң таап туруп оңутун!

Муну уккан эл ыраазы болуп, дүпүрөшүп, кол чабышып, алкоолор көпкө чейин жаңырды. Күү чебери Ниязалы туруп келип, күнөөсүн мойнуна алып, Токтогулду кыса-кыса кучактап: — ​Сени да адилеттүү Кудай мага көрсөтөт экен ээ. Жамандыгың ошону менен кетсин! Теңирге ак сары башыл…, — ​деп элге бата кылдырып, ак койду туура тартты (И. Токтогулов).

Бир нече жыл өтүп, Токтогул Кетмен-Төбөдөн Аксыга келет. Комузчу Ниязалыга жолукмакка Тампагар кыштагына барат. Ниязалы үйдө жок экен. Керегеде илинип турган комузун колуна алып күүлөп, бир азга чертет да чыгып кетет. Көп өтпөй залкар күүгер Ниязалы үйнө келип, илинип турган комузун чертмекчи болот. Кызык!.. Комуз «Токтогулдун «Чоң кербезине» буралып — ​толгонуп калган экен, «Чоң кербездин» буроосу айтып турбайбы. Бул толгоодо башка эч ким күү чертмек эмес» — ​деп, артынан чаап отуруп, Кара-Сууга Жеңижокко бара жаткан Токтогулга кечүүдөн жетип, кучакташып көрүшкөн экен.

Токтогулду Сибирден келгенден кийин кайрадан жалган жалаа менен «Сибирден качып келди» деп ошол убактагы уездин борбору Наманган шаарына алып барып камашат. Ошондо Жеңижок, Ниязалы, Эшмамбет, Калык, Коргоолдор эл кыдырышып, элдин черин жаза ыр ырдашып, арман санат күү чертишип, Токтогулду куткарып алууга керектеле турган каражат чогултушуп, аны абактан бошотуп алышат.

Током абактан бошогондон кийин, аксылык Айгерим дегенге үйлөнөт. Аксыда жашап жүрүшкөндө Айгеримдин бир тууган эжеси таластык Эшкожо уулу Түлөкабылга турмушка чыгат. Түлөкабыл менен Токтогул нары бажа, нары дос болуп калышат. Түлөкабыл 1908-жылы Таласта уулу Таштанбекке той берип, тойго Ниязалы, Токтогул, Коргоолдорду чакырат. Тойдо Ниязалы Майлыбай комузчуну «Санат күү» менен жеңет. Той болуп жатканда Айгерим катуу ооруп калып каза болот. Током Айгерим экөөнөн бала калган эмес.

Айгеримден кийин Током аксылык Сейдимканга үйлөнүп, алар көпкө чейин перзенттүү болбой жүрүп калышат. Ошондо Жеңижок акын айткан экен: «Токо ушул Баба-Ата касиеттүү мазар, «Элде, бала тилесең Баба-Атага бар» деген сөз бекеринен айтылган эмес, ошол жерге зыярат кылып баргын. Мен да бир ирет бала тилеп Баба-Атага Көксулуу экөөбүз бара жатсак, жолдон мага сыр көрүндү. Алдымдан аппак көйнөк кийген келин кесип өтүп кетти. Эркек адамдын жолун кесип кеткен сулууну издеп эле таппай калдым, «аял киши сапарга кетип бара жаткан адамдын жолун кесип өтүп кетсе, жол болбой тургандыктын белгиси» дейт нускалуу карылар. Демек мени жактырбады деп кайра жолдон кайттык. Сен бар, Токо, сага Кудай берет», — ​дейт (А. Калбаев).

Токтогулдун аялы Сейдимкан эне: «Токтогул түрмөдөн келгенден кийин баш кошконбуз. Акмамат, Нурмамат, Казмамат деген уулдарыбыз, Катчабүбү кызыбыз жаштайында эле чарчап калышты. Кийин дагы кыз төрөдүм. Бир күнү Током мага: «Байбиче, Кудайдын бизге көзү түз эмес окшойт. Бир да балабыз токтобой койду. Илгери мындай учурда эл-жер которуп ырым кылчу экен. Башка жакка жер которуп эки-үч жыл жүрүп келели», — ​деп Аксыга кетип калдык. Ал жерге барганда, Көксулуу аяшка кошулуп жүрдүм. Аксыда жүргөн кезибизде Током Өтө аяшыма кыябын келтирип: «Эркек балалуу болбой койдум. Артымда бир туяк калса жакшы болор эле» деп айтып калчу. Анда Өтө: «Ээ, Токо кыргызда: «мал тилесең «Пача-Атага» бар, баш тилесең «Баба-Атага» бар», — ​деген кеп бар. Мазардан болоор, болбосо элдин батасы тийер» деп айтчу. Биз Өтөнүн бу сөзүн туура таап, Ниязалы баш болгон жыйырмага жакын Токомдун шакирттерин, досторун ээрчитип зыярат кылганы Баба-Атага барып, бир ак боз бээни курмандыкка чалдык. Акындарда пайгамбардык касиет барбы деп калдым. Зыяратка барганыбызда Курман ырчы: «Ылайым уулдуу болгула. Анын аты Бабажан болсун! Оомин!», — ​деп батасын берген эле. Бир кудайдын өзү билет, мазарданбы же батаданбы, айтор Аксыда жүргөн кезимде мына ушул Бабажан уулум боюма бүттү», — ​деп эскерет.

Түрдүктүк (Аксыда) Жээналы Жеңижокко үзөңгүлөш, жакшы санаалаш жолдошторунан болгондуктан, үйүнө көп ээрчитип келчү экен. «Жеңижок келди» дегенди эл укканда чубап келе беришет. Күндүз экөө укташат да, түнү менен бири ырдаса, бири чертмек чертип, алмак-салмак жарышкан күлүктөй элирип, Жеңижок санак айтып, кайра жамактатып, түндүн кандай өткөнүн билгизишпейт. Ниязалынын комузчулук өнөрүнөн башка дагы куудулдук жагы дагы болгон. Бир байдын дүмбүлдү (калпагын дүмбүлдөй кылып, ороп алып) кандай кылып бышырып жегенин туурап, элдин боорун эзчү дешет.

Кайсы бир жылы (1912-жылга чейин), Аксынын Көк-Башат деген чоң жайлоосунда Баялы бий чоң той берет. Тойго Анжиян, Аркадан көп белгилүү кишилер: кыркуулдан Сулайманкул болуш, келдейден Чөкө болуш, Айтмырза бий, кытайдан Ташкара болуш, саяктан Рыскулбек, Дыйканбай, мундуздан Сатыбек ж. б. келишет. Бул тойго Ныязаалы комузчу, Жеңижок, Токтогул, Таластан Тайгожо сурнайчылар дагы чакырылышат.

Тойдо Жеңижок менен Токтогул жарчы болуп, келген элге ырдап чыгышат. Алар тойго келген бий, болуш, мырза, бектерди аттарын атап, кайсы жерлик экендигин ырга кошуп ырдашат. Ыр бүткөндөн кийин ырчыларды атайын тигилген өргөөгө «кадырлуу, алыстан келген меймандарга тамаша салып беришсин» деп чакыртышат. Ниязалы куудул сөздөрүнөн айтып, колун ойнотуп, комузун чертип, Жеңижок санат төгүп, Токтогул комуз ойноп отурушат. Аңгыча эшиктен бир жигит келип, ырчылардын кулагына бирдеме деп шыбырайт. Ырчылар бата кылып, эшикке чыгып, аттарына минип жөнөшөт. Көрсө, той ээси Баялы бий «аламан байге башталганы калды, жар чакырышсын» деген экен.

Жеңижок менен Токтогул жар чакырышат. Алар байгенин шартын калкка түшүндүрүп, аттарды Чомполдон барып коё берип, Көк-Төбөдөн тосуп алышаарын айтышат. Ошентип байге башталат. Бир маалда, канча убакыт өткөнүн ким билсин, баягы байгеге кеткен аттардын келе жатканын таластык чоң сурнайчы Тайкожо сурнайында кабарлап калды, ат келди! — ​деп. Ошондо Баялынын «Кызыл ат» деген күлүгү аттардан узакка бөлүнүп, чыгып келет. Ат чапкан баланын ысмы Айылчы экен!

Жеңижок менен Токтогул ошол «Кызыл ат» күлүктү ырга салып мактап калышат. Мактоого ыраазы болгон Баялы бий Жеңижокко бир ат, Токтогулга бир ат, Тайгожого тай, Ныязаалыга кой берет.

Ошондо Токтогул: Баялы, карагер тандап мингизди!

Жеңижок: Калыстык кылсак Токтогул,

Кандыгын журтка билгизди!

Токтогул: Баялы, буурулдан тандап мингизди!

Жеңижок: Байкап көрсөк Токтогул,

Марттыгын журтка билгизди!

Токтогул: Тайкожобуз тай алды!

Жеңижок: Ныязаалы комузчу,

Эгиз тубар кой алды!.. —

деп, ырга салып ырдашыптыр».

Той аяктап, үйлөрүнө кайтып келе жатышкан Ниязалы, Токтогул, Эшмамбет, Нурмолдолор өз ара байге сайышып, аттарын жарыштырып калышат. Ошондо Нурмолдонун аты биринчи, Эшмамбеттин аты экинчи, Токтогулдун аты үчүнчү, Ниязалынын аты эң артында калса, Жеңижок минтип ырдап атат дейт:

Ак боз ат келди Айга окшоп,

Асмандан күйгөн шамга окшоп.

Азынап бакке токтоду,

Акылдуу адам жанга окшоп.

Астынан тосту Нурмолдо,

Айтарга кеби барга окшоп!..

Көк-Кашка келди Айга окшоп,

Көктөгү күйгөн шамга окшоп.

Кишенеп бакке токтоду,

Көптөн күткөн жанга окшоп.

Көкүлдөн сылайт Эшмамбет,

Көкүрөк сыры барга окшоп!

Токтогулдун Ак-Туяк,

Топ элге болдун чоң уят!

Тобурчак деп мактаган,

Томсоруп Токоң тим турат.

Томпондоп артта калган деп,

Эми, той-ашта жүргөн кеп кылат!

Мунума кулак салсанар:

Мурадырлар ат багар,

Мурун байге алам деп,

Ниязалы абаңар,

Мусапыр болду тампагар!

Сайрасам кулак салсаңар,

Саяпкерлер, ат багар,

Санап байге алам деп,

Саландап калды тампагар! — деп ырдаган экен Жеңижок! Баракелде…

Жеңижок 1918-жылы кеч күздө Сары-Камыштагы (Аксыда) бир тойго барып, ошондон катуу ооруп келет. Ошондо «Ким айтат менин ырымды?» деп ырдаган. Ал ырында алтымыштан ашык акынга токтолуп, «алардын баары менин ырымды ырдай алышпайт, бир ырдаса Токтогул ырдайт ырымды» деп, өлөөр өлгөнчө тилден калбай ырдап туруптур.

Улуу акын Токтогул менен Молдо Багыштын айтышкан ырында Ниязалы, Жеңижок, Токтогулдун достугун айтат. Ырды Кетмен-Төбөлүк Качкынбек аттуу көзү азиз ырчыдан Анарбай Сейдалытегин Сары уулу жазып алган:

Аксы, Талас элинин,

Тузун таттың, Токтогул.

Айга Күнгө теңелгис,

Уузун таттың, Токтогул.

Ниязалы, Өтөнүн,

Чайын ичтиң, Токтогул.

Кадырлашып дос болуп,

Майын ичтиң, Токтогул.

Чогулушуп бир ырдап,

Жан дос болдуң, Токтогул.

Ажырашпас дүйнөдө,

Кан дос болдуң, Токтогул.

Бала издеп, дос издеп,

Паана кылдың, Токтогул.

Досторуңдан сый көрүп,

Бир кубандың, Токтогул.

Бир киндиктеш немедей

Үчөөң ага-туугансың.

Душман тийсе бирөөңө

Үчөөң бирдей куугансың.

Кадырлашып сыйлашып,

Ажырашпай жүрсүңөр,

Бир экенин абалтан,

Аксы-Талас эл билер.

Ниязалы, Өтө аке

Токтогулсуз чай ичпейт.

Келбей калсаң кокустан,

Тынчы кетип жай ичпейт.

Үчөөңөргө бирөөнүн,

Көзү тийип кетпесин.

Жаман көргөн адамдар

Жакшылыкка жетпесин, — ​деп үч залкардын өз ара сый мамилелерин, адамдык асыл парасаттарын, өнөрлөрүн баалай билишкендиктерин баса белгилеген. Чындыгында эле, «асылды асыл тааныйт» дегендей алп таланттар «жолдору каарыганча» бирин-бири өтө урматтап өтүшкөн. Албетте, алардын баскан жолдору кийинки муун үчүн улуу өрнөк болоору шексиз.

Нурбек Туран,

И. Арабаев атындагы КМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *