Ноокен районунда “Манас” Эл аралык аэропортунда авиакыйроодон каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди

Бүгүн, 17-январда Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылында “Манас” Эл аралык аэропортунда “Боинг” 747 учагынын кыйроосунан каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди. Каргашалуу кыйроодон каза болушкан ушул айылдын тургуну, 8 айлык боюнда бар, 1993-жылы туулган Венера Дүйшеева, анын 4 жаштагы уулу Исабек Камилов жана 6 жаштагы уулу Алибек Камиловдун сөөктөрү жерге коюлду. Денеси катуу күйүккө кабылган күйөөсү Бишкек шаарында ооруканада дарыланууда.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев каза болушкан үй-бүлөнүн жакындарына Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 100 миң сом жана КРнын Өкмөтүнүн атынан 70 миң сом жардамдарын тапшырды.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *