Ноокен районунда ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталган

Кечээ, 29-июль күнү саат 20:30-21:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун  Ноокен айыл аймагынын Рахманжан айылынын Шалка тилкесинде ылдамдыгы секундасына 20-23 метрге жеткен катуу шамал катталган.  Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Шамалдын кесепетинен 5 турак үйдүн, 1 кошумча курулуштун, 3 навестин жана 2 сарайдын чатырларынын жалпы 116 даана шиферин жана 149 м2 туникесин учуп кеткен.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *