Ноорузбү Бекмурат кызы, “Нооруз” этно дүкөнүнүн негиздөөчүсү: Жер төшөк, жууркан тигүүдө, көктөөгө сөзсүз маани бериш керек

Кыргыз эли илгертеден кол өнөрчүлүккө жакын болуп, өз дараметине жараша жууркан, жер төшөктөрдү колго жасап келишкен. Азыр бир аз заманбаптыкка умтулганыбыз менен кол өнөрчүлүккө дыкат көңүл буруп келебиз. Андыктан колго жасалган жууркан, жер төшөктөрдүн баасы кандай? Кантип жасалып жатат деген ойдо “Нооруз” этно дүкөнүнүн негиздөөчүсү Бекмурат кызы Ноорузбү менен баарлашып, саресеп салып көрдүк.

– Ноорузбү айым, жууркан, жер төшөккө кандай жип, кандай кездеме колдонулат?

– Жууркан, жер төшөккө өңүн жоготпой көпкө сакталыш үчүн баркыт кездеме колдонулат. Анын үстүнө алдыга салынганда жылмышып же тоголоктошуп калбаш үчүн эң ыңгайлуу кездеме. Биздин жууркан, жер төшөктөр башкалардан айырмаланып сайма түшүрүлүп жаткандыктан, сайманын жиби хбдан болуш керек.

-Жер төшөк, жаздыкча, жууркандын узун, туурасы канча метр болгон оң?

– Жууркан элдин буйрутмасына жараша бир кишилик же эки кишилик болот. Ал эми жер төшөктөр көбүнчө 3 метр 80 сантиметр, жаздыкчалардын узун-туурасы 50 сантиметр болот. А эң негизгиси кардардын табитине жараша, өзү каалагандай жасала берет. Биз ар дайым кардардын кызыкчылыгына жараша буйрутмаларды кабыл алабыз.

– Саймалары боюнча айтсаңыз?

– Саймалардын бардыгын кол менен түшүрөм. Сайма саюунун да өз жолу бар. Мисалы, баш кийимге түшүрүлгөн сайманы жер төшөккө саюу туура эмес. Адатта саймалардын айырмасын билбегендиктен көбү жаңылышы мүмкүн. Саймалардын түрүн аныктап, туура пайдаланган учурда биз кыргыздын улуулугун, каада-салтын сыйлаган болобуз. Анан дагы саймалар калың түшүрүлөт. Себеби жерге салганда көрк берип, бекем болгону оң.

– Өңдөрдү кантип айкалыштыруу керек?

– Негизи төшөктөрдүн ортосун ачык өң, ал эми чекесин кир көтөрүмдүү өң кылса жакшы болот. Себеби жууркан, жер төшөктөрдүн четин көп кармагандыктан бачым кирдейт. Шаарда жашагандар ачыгыраак, айылдагылар кызгылтым, күрөң сыяктуу күңүрт өндөрдү тандашат.

Илгери энелерибиз өңдөрдү абдан сонун айкалыштырып, кайсы жер төшөк кандай учурда колдонулганына жараша жасашкан эмеспи. Азыр деле сепке башкача, колдонгонго башкача төшөктөрдү жасатышат, Кардардын каалоосуна жараша түрдүү түстөрдү колдонобуз.

– Көктөөнүн жолун айтсаңыз?

– Тамакка туз салганда тамактын даамы чыккандай эле жер төшөк, жууркан тигүүдө көктөөгө сөзсүз маани бериш керек. Көктөгөндө бардыгын бир калыпта текши жана майда кылып көктөгөн туура болот. Туура көктөлгөн гана жууркан чырайына чыгып, өз сынын жоготпойт. Андыктан көктөгөндү жакшылап үйрөнгөн оң.

-Бир жуурканга канча метр кездеме, канча килограмм пахта керектелет?

– Жуурканга (бир кишиликке) туурасы бир метр 50 сантиметр, узуну эки метр 20 сантиметр кездеме жана төрт килограмм пахта салынат. Эки кишилик жуурканга узун, туурасы эки метр 20 сантиметр кездеме, беш килограмм пахта колдонулат. Ал эми жер төшөккө үч метр кездеме, үч килограмм 500 грамм пахта керектелет. Пахтанын да түрлөрү бар. Андыктан таза пахта болуш керек. Мурун пахта кымбат болгондуктан үнөмдүү болуш үчүн койдун жүнүнөн кошушчу экен. А биз жалаң пахта менен жасайбыз.

– Баалары?

– Биздики башкалардан айырмаланып сайма менен болгондукган жер төшөктөр төрт миң сомдон башталып, он миң сомго чейин. Жаздыкчалар алты жүз сомдон сегиз жүз сомго чейин, жууркандар төрт миң сомдон башталат. Бизде мындан сырткары көшөгө, көйнөк, чапан, белдемчилер да бар. Кыргыздын нукуралуулугун сактаган кийим-кечесинен тартып, жууркан-төшөгүнө чейин жасап келебиз. Дарегибиз: Манас 22 (Москва көчөсү менен кесилишет).

Булак: «Фабула»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *