Нур-Султанда көп балалуу энелер турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылышууда

Нур-Султанда ондогон көп балалуу эне шаардын борбордук бөлүгүнө чогулуп, бийликтен турак-жай маселелерин чечип берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери чогулгандардын президенттин резиденциясына баруусуна жол бербөө максатында алардын жолун тороп турушат.

Көп балалуу энелердин алдына өкмөттүн жана шаар бийлигинин өкүлдөрү чыгышты.

Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Светлана Жакупова «акимчиликтин аткаминерлери менен жолугуу үчүн» чогулгандарды административдик имаратка кирүүгө чакырды.

Борбордогу бул акция менен катар учурда Чымкент шаарында дагы көп балалуу энелер шаар акимчилигинин алдына чогулуп, турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *