Нур-Султанда жарандык активист Санавар Закирова беш суткага камалды

Нур-Султан шаардык административдик соту 10-июлда жарандык активист Санавар Закированы тынч жыйындарды уюштуруу эрежелерин бузуу айыбы менен беш суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

9-июлда айрым сот чечимдерине нааразы болгон ондогон жаран президенттик администрациянын алдына чогулуп, өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну жана Жогорку соттун төрагасы Жакип Асановдун отставкага кетишин талап кылышкан. Ал күнү чогулгандардын лидери деп аталган 51 жаштагы активист Санавар Закирова кармалган.

10-июль күнү эртең менен аталган жарандардын тобу өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңсесинин алдына чогулуп, Жогорку соттун төрагасын кызматтан кетирүүнү жана алар адилетсиз деп эсептеген сот чечимдерин кайрадан карап чыгуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү талап кылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *