Нурбек Муктар: Кыргыздар Тил революциясын жасап, латынчага өтүшүбүз керек

Кыргыз тили 1925-жылдарга чейин араб тамгасын колдонуп, 1925-1930-жылдар аралыгында латын тамгасын, 1930-жылдардан бери кирилл тамгасын колдонуп келе жатабыз.
21-кылым глобалдашуунун, технологиянын, медицинанын, инженериянын, авиация-космостун, эл аралык сооданын жана компьютердин кылымы болду. Ал эми бул сфераларды сүйрөп жана өнүктүрүп жаткан АКШ/Британия англисчеси. Англис тили болсо латын тамгасы.
Латынча бизге эмне пайда берет:
-Тамга – бул тилдердин ортосундагы канал.
-Жазуу жана алгылоо тез болот. Мектептердеги балдарга болгон жүк жеңилдейт. Фонетикалык жактан кыргыз тилине жакын.
-Араб тамгасын колдонуп жатканда, арабчадан көптөгөн сөздөр кирип (калем, дептер, алиппе ж.б.), кириллчеге өткөндөн бери орусчадан көптөгөн сөз алдык. Эми, латынчага өтүп, тилибизди технологиянын, медицинанын, инженериянын, авиация-космостун, эл аралык сооданын жана компьютердин терминдери менен байытышыбыз керек.
Тилибиз бай болсо, лексикондогу сөздөр адамдардын аң-сезимин жана ой-жугуртуусун өзгөртүп экономикабызга, маданиятыбызга түрткү болмок.
-Экономикабыздын дүйнөлүк экономикага интеграциясын тездетмекбиз. Жөнөкөй эле фирмаларыбыздын, чыккан товарлардын (марка) аталыштары латынча болсо, чет жактарда тез кабыл алынмак, Россияда деле сонун кабыл алынмак. Азыр латынча атасаң, мамлекет суракка алат, эмне кириллче жазбай жатасын деп. Кириллче жазып койсоң, экспорттогондо чет-элдиктер түшүнбөйт.
-Жөнөкөй эле компьютердин клавиатурасы латынчага ынгайлаштырылган. 21-кылым компьютердик технологиянын кылымы. Администрация, код жазуу жана башка комп. технологиялар латын тамгасында жазылган. Бул болсо биздин компьютерди түшүнүүбүзгө жана тез синирип алуубузга шарт тузмөк.
-Дүйнөнүн тили англисче. Дээрлик 90% мамлекеттер латын тамгасын колдонот. Кириллди болсо 12 мамлекет колдонот экен. Дүйнөдөгү ачылыштар англис тилинде болгондуктан, алар орус тилине которулуп кийин бизге жетип жатат. Биз латынча менен англис тилин тез үйрөнүп, дүйнөдөгү прогресске түз канал курмакбыз.
Кантип отүүбүз керек:
-Азыр Facebook, Instagram, Samsung, Audi сөздөрүн элибиз жеңил эле окуйт. Демек, элге латынча сиңген. Өтүүдө оорчулук экономикалык жана убакыт жактан эле оор болбосо, элибиздин латынча сабаттулугу жогору.
– Этаптарга бөлүп 5-11 жылдык план койушубуз керек жана 11 жылдан кийин ТОЛУК латынчага өтүшүбүз керек. 1-класстын китептерин латынча басып. Кийин параллельно башка класстардыкын дагы латынча басып башташыбыз керек. Кийин университеттердин дагы китептерин латынчага өткөрүп, өзүбүздүн илимибиздин дагы өнүгүшүнө шарт түзүшүбүз керек. Анткени, китептерди жергиликтуу (латынча жазылгандыктан жаңы-чет жерде окуп келген муун жазып чыгат) профессорлор жазгандыктан, өзүбүздө билим өнүгө баштайт. Керек болсо, англис тилинен китептерди которуп, университеттердин программаларына киргизишибиз КЕРЕК.
-Жер-суунун жана көчөөлөрдүн аттарын ЖАҢЫЛАП жатканда, латынчага өткөрө беришибиз керек. 5-10 жыл аралыгында баары өтүп калса керек.

Менин сунушум:
– Сүрөттөгү латын тамгаларын кабыл алышыбыз керек. Баара 25 тамга болот.
– Сүрөттө каткалан (Н, К, Г) үндүүлөр жок. Анткени, менин жеке оюм, тилде канчалык аз тамга болсо, тил ошончолук женил болот.
Кыргыз Ң’сы (алфабитте бар) бар сөздү туура айтат, каткалан Қ (алфабитте жок) колдонулбаган сөздү деле туура айтат. Мисалы, КАК(мөмө-жемиштердин кургатылган түрү). Как деп түз окуса, орустун кандай деген сөзун туюндурат. Бирок кыргыздар ҚаҚ деп эле окушат. Ушул сынары, Қ, Ң жана Ғ тамгаларын кошконум жок. Анын үстүнө, клавиатурага булар учун өзунчө клавишиларга орун беришибиз керек. Бул компьютерди оордотот.
– Ch (Ч) жана Sh (Ш)’ны англисчедегидей эле калтырганыбыз оң болот. Анткени, бул тамгаларды кошсок клавиатурага жаңы тамгалар кошулуп калат (Ş,Ç). Ch (Ч) жана Sh (Ш)’ны башка тилде (европеиддер, азиаттар) сүйлөгөндөр жеңил түшүнөт. Б.а. бизнеске ыңгайлуу.

Каржы жагы:
– Ооба, Казакстан жана Озбекстандын тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, оор болот. Бирок, тактиканы бираз алмаштырып, акчаларды латындаштырабыз деп сарптабай (тажрыйба көрсөткөндөй, коррупциялык схемалар иштеп баштайт), башкачараак жасашыбыз керек.
– Эң негизги чыгымдар, жер-суунун(шаар, айыл), мекемелердин аттары, китептер жана документтер. Калганынын дээрлик көбүн бизнес өзү жасап кетет.
Жогоруда айткандай, баарын паралеллдуу жасап кетишибиз керек. Көчөөнүн, шаардын знактарын алмаштырып жатканда латынчасын бастырышыбыз керек (кириллчесин деле бастырмакбыз да). 5 жылдын ичинде баары латынча болуп калгыдай кылып.
– Документтерди жасап жатканда, латындаштыруу максатында эмес, жаңы латынча документ чыгаруу максатында жасаш керек. Кириллче документтерге азыркы юридикалык күчүн сактап койушубуз керек.
– 1-класстан баштап, жаны китептерди латынча басып баштап, класс жогорулаган сайын китептерди латындаштырып башташыбыз зарыл.
– Сунушталган тамгалар жеңил болгондуктан, мам. жана жеке жактардын кадрларын латынча жаздыруу оор турбайт. Керек болсо, кыска курстарды мектептин базасында уюштурса болот. Кыргыздын бир нерсени тез өздөштүргөн жагын эске алганда, оордук жаралбаса керек.
Ооба, түшүнөм, абсурд сыяктуу көрүнгөнү менен, 10 жыл мамлекет үчүн кыска эле мөөнөт жана каржынын тартыштыгын ушу ыкма менен компенсация кылсак туура болот болуш керек. Жок десенер, акча таап, революция кылыш керек…

Кириллче эмне болот?
Орусия коңшубуз. Кириллче кыргыз коомунун рухуна сиңген сыңары, эч качан жоголбойт. Мектептерде орус тил жана адабияты сабагында (5-класстардан баштап) кирилл тамгасын үйрөтуп койсок болот.

Кыргыз тилибиз стагнацияга кирип калды б.а. өнүкпөй токтоп калды. Тилибизге жаңы импульс бербесек болбойт. Бул импульс менен кыргыз элинин дүйнөнү кабылдоосу, ан-сезими, туюму өзгөрөт жана өркундөйт. Аны менен экономикабыз жана илим-билим өнүгүп, жашообуз бир кыйла жеңилдээр эле. Эн негизгиси, биздин балдарыбызга берген белегибиз болот!

Нурбек Муктар, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин жана Индиядагы Бангалор университетинин бүтүрүүчүсү

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *