Нурбек Мурашев, Айыл чарба министри: Айыл-чарба азыктары толугу менен сыртка экспорттолуп жатат

– Нурбек мырза, сиз ушул чоң министрликти жетектеп жатканыңызга ушул күздө ноябрь айында эки жыл болот экен. Эки жылга жакын убакыттан бери кандай чоң иштерди жасаганга үлгүрдүңүз? Элге айта турган, балким тарыхта кала турган. Ушул боюнча маалымат берип өтсөңүз?

—Эми өзүңөр билесиңер. Кыргызстанда айыл чарбасы бир топ жылдан бери Кыргызстандын ар бир жаранына 26 жылдан бери жети областтын ар бир районунун ар бир айылына жеке менчикке бөлүнүп кеткендиктен, ошонун көйгөйү бүгүнкү күндө өтө таасирин тийгизип жатат. Биринчиден мен кызматка келгенден кийин уюштуруу маселелерин колго алдым. Алгач ирилештирүү боюнча иш алып бардык. Бүгүнкү күндө ирилештирүү боюнча бир топ ийгиликтерге жетиштик десем деле болот. Андан сырткары ошол жумушту баштагандан кийин эле мыйзам актыларына бир сыйра инвентаризация кылып, кайсы мыйзам иштебей жатканын, кайсы мыйзам бүгүнкү күндө дыйканга керек экенин эске алып, ошол мыйзамдардын баарын иликтеп бир сыйра инвентаризациялап Өкмөткө бергенбиз.

—Ирилештирүү боюнча токтоло кетсеңиз?

—Ирилештирүү боюнча негизинен кооперативдер жөнүндө мыйзамдар жазылды. Кооперативдер жөнүндө биз семинарларды өткөрүп ар бир областта үлгүлүү кооперативдерди уюштурганбыз. Ошол кооперативдерди уюштурганда ар бир областта бирден областтык семинарларды өткөрүп, андан сырткары жеңилдетилген насыялар боюнча окуу семинарларда айтылып, бүгүнкү күндө кооперативдердин уюштуруу маселелери бир топ алдыга жылып калды десем болот. Негизинен былтыркы 2017-жылдын жыйынтыгы менен 110го жакын жаңы ири кооперативдер уюштурулду. Бул ири дегеним түштүк региондо арты 30-40 гектар, чоңдору 500-600 гектарга чейин ирилешип кооперативдер уюштурулган ишканалар түзүлдү.

Биз ошол окуу семинарларда негизинен министрликтин эң биринчи элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, бул жети областтын ар бир районунун шартына жараша экспортко багытталган өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды тигүү боюнча иш алып барып жатабыз. Негизинен бул дагы өзүнүн жемишин бере баштады. Себеби биздин министрликтин бүгүнкү күндө эң биринчи багыты бул көп жылдык бак-дарактардын көбөйүшү. Ошонун кеңейишине жол ачуу максатында 2016-жылы ноябрда мыйзам кабыл алынган. Областтардын жерлериндеги балдык негизде 40тан төмөн болсо ошол жерге көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды эгүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошонун негизинде жалпы Кыргызстан боюнча, биздин эсеп боюнча 52 миң гектар бак-дарактар бар. Биз ошону план боюнча он жылдын аралыгында 150 миң гектарга чыгарсак экспортко кеңири жол ачкан болот элек. Бул программабыз ишке аша турган болсо буюрса жакшы жыйынтыкка жетебиз деген үмүттөбүз.

Андан сырткары айыл чарбасында биз класстырдык ыкма менен эгиндерди өстүргөнү жатабыз. Негизинен биз үч-төрт өсүмдүктү класстырдык ыкма жолго салдык десем болот. Булардын бирөөсү помидор. Былтыр 7 миң гектарга чейин помидор эгилген болчу. “Томат кж” деген жеке завод ачылгандыктан ал жердей помидорлорду иштетип
Россияга экспортко чыгарып жатабыз. Бирок бул завод акча каражатын Кыргыз-Орус фондунан алган. Андан сырткары пахтаны да ушундай ыкма менен жолго салганы жатабыз. Кайра иштетүүчү жарым фабрикаттарды чыгарганга чейин. Азыр сырьёдон эле валакнону алып экспорт кылып жатабыз. Текстилдүү фабрикаларды салып валакнону да жолго салалы деген жакшы программабыз бар.

—Кыргызстан боюнча пахта канча гектар жерге эгилет?

—Акыркы жылдарда 19 миң гектарга чейин түшүп кеткен эле. Быйылкы жылы 25 миң гектар жерге чейин кеңейтилди. Бул тенденция үч жылдан бери өстү. Негизинен элдин пахтага кызыгуусу кыйла эле болбой калган. Азыр баасы 45-50 сомго чейин болондуктан эл кызыгып пахта эгип жатат. Түркияга, Россияга, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

-Төө-буурчак маселеси кандай болуп жатат?

-Быйыл төө буурчак боюнча бир топ маселе болду деп айтылып жатпайбы. Бирок негизинен төө буурчак дагы экспортко багытталган продукция болуп эсептелет. Себеби 54 миң гектар жерге эгилген төө буурчактын баары 100% экспортко жөнөтүлүп сатылат. Быйыл 54 миң гектар жерге айдалган төө буурчактын 10%ын өзүнүн баасы чыкканда эл дагы кымбаттайт деп сатпай коюшканда баа төмөндөп кетип элдин арасынан кыйынчылыкка дуушар болгондор да кездешти. Ошон үчүн дыйкандарга айтаар элем. Күзүндөгү баардык жыйым-терим маалындагы баа эң жакшы баа катары эсептелет. Эмнеге дегенде алуучулар дагы ошол бышыкчылык мезгилде келишет.

—Буудай, арпа канча жерге айдалып, алардын натыйжасы кандай болуп жатат?

— Быйыл 255 миң гектар жерге буудай эгилди. Жалпысынан 650 миң гектарга чейин дан эгиндери эшлет эле. Мунун 200 миң гектары арпа, 255 миң гектары буудай, 103 миң гектары жүгөрү. Негизинен кайсы бир жылдары 380 миң гектарга чейин буудай эгилген. Акыркы жылдагы тенденцияга байланыштуу буудайдын ордуна арпа менен жүгөрүгө өтүп жатышат. Биринчиден, буудайдын түйдгүгү көп. Экинчиден, аны мал жебейт. Бажы Биримдигине киргенден кийин негизинен биз азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча 250 миң гектарга буудай эгишибиз керек. Бул биздин министрликтин позициясы болгондуктан 250 мин гектарга эгилип жатат. Бажы Биримдигине муче болгодон кийин буюрса ун продукциялары боюнча  бизде көйгөй болбойт деген ойдомун.

-Бажы Биримдиги демекчи, бул биримдикке башында киргенде дыйкандарга укмуш болот, чоң кирешелер түшөт. 180 млн. эли бар чоң базар ачылат деп убадалар берилген да. Бирок иш жүзүнө келгенде көп эле дыйкандар экспортко чыгалбай кыйналып жатпайбы. Ошол эле учурда пайда көрүп жаткандар да бар. Буга эмне демекчисиз?

—Бул боюнча айтсам, чек арага барбай толук маалымат албагандарга ушундай көрүнүп жатат. Негизинен бүгүнкү күндө айыл чарба продукциясынын көбүрөөгү экспортко кетип жатат.

—Россиянин тонналаган картошкаларды, помидорлорду киргизбей койгону тууралуу көп эле маалыматтар чыгып жатпайбы…

—Россия картошканы да, пиязды да, помидорду да кабыл алып жатат. 2018-жылы буга байланышкан бир дагы факты болгон жок. Өткөн жылы 3 машинаны кайтарды дешкени менен Кыргызстандын чек арасына кирген эмес.

—Сиз жогоруда алдыда аткарыла турган он жылдык программаңыз тууралуу айтып өтпөдүңүзбү. Бизде суу жетпеген кайрак жерлер коп болгондуктан ал жерлерди өздөштүрүү планы сиздерге жыл сайын берилет да. Эми ушул боюнча кандай иштер аткарылып жатат?

—Бизде 2010-2017-жылдар үчүн мамлекеттик тарабынан өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Бул стратегиянын алкагында төрт жарым миң гектар сугат жерлер пайда болду. Мурунку президент А.Атамбаевдин учурунда 50 миң гектарга чейин сугат жерди өздөштүрөбүз деген программа кабыл алынган эле. Бирок акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу төрт жарым миң гектар эле өздөштүрүлдү. Эгер 2027-жылга чейин донор тапсак 65 миң гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

(Уландысы бар)

Нуркемел Исаев

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *