Видео – Депутат Нурбек Тотоновдун иниси Айбек Тотоновдон коронавирус табылып, байланышта болгон 26 адам үй карантинине алынган

Айбек Тотоновго оору белгисиз өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Ал санитардык-карантиндик пунктунан өтүп, андан анализдер алынган. Ал жүк ташуучу унаа менен Токтогул районуна чейин барган, анализдердин жыйынтыгы чыгып, ал жашаган жери боюнча жиберилген. Ал дарыланууга жаткан. Ал менен байланышта болгондордун саеы 26 адам. Алар да текшерүүдөн өтүшүп, үй карантининде жатышат. Тотоновдо оорунун клиникалык белгилери жок. Ал медициналык көзөмөлдө” – деди Нурболот Үсөнбаев.

Буга чейин Айбек Тотонов Россиядан келип, кичи мекенине кеткендердин арасында болгону белгилүү болгон. Коомчулук аны Россиядан келгенден кийин санитардык режимдин талаптарын бузду деп айыптаган. Айбек – ЖКнын азыркы депутаты Нурбек Тотоновдун иниси.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *